Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

КЫРГЫЗСТАНДЫК ФУТБОЛ КҮЙӨРМАНДАРЫ ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ ЖӨНӨП КЕТИШТИ


Эки күндүк тыныгуудан кийин, бүгүн кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалдык таймашуулары башталат. Бүгүн Германия менен Аргентина жана Италия менен Украина өлкөлөрүнүн командалары чейрек финалда күч сынашат. Кыргызстандык күйөрмандар тобу да Германиядагы мелдештерди көрүп, күйөрман болууга жөнөп кетишти.

Кыргызстандык футбол күйөрмандардын алды Германияга бүгүн барып калышты. Калгандары эртең менен барууга камынып жөнөгөнү жатышат. Алардын катарында Жогорку кеңештин 6 депутаты: Аскар Салымбеков, Мелис Эшимканов, Акматбек Келдибеков, Муратбек Мукашев, Жаныш Кудайбергенов жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Аманбай Кайыпов, Жумабек Салымбеков, Айбек Осмоналиев жана башка күйөрмандар бар.

Эртең футбол күйөрмандары, өлкөнүн спорт журналисттер федерациясынын президенти Улукбек Салымбеков, Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын жетекчиси Рысбек Мааткабылов менен Райымбек Мааткабылов жана башка күйөрмандар Германияга футбол чемпионатын көрүүгө жөнөп жатышат.

Кыргызстандык 80ден ашуун күйөрман дүйнө чемпиоантынын беттешүүлөрүн көрүү үчүн 250 билет сатып алышкан. Германияга дуйнө чемпионатын көрүүгө жөнөп бараткан өлкөнүн спорт журналисттер федерациясынын президенти Улукбек Салымбеков оюндар тууралуу өз пикирин билдирди:

- Футбол чоң саясатка, улуттук рухий күч- кубатка, жаштардын кумирине айланып калды. Футбол намысты туу кылуу үчүн, жаштардын духун көтөрүү үчүн керек. Мага Африка өлкөлөрүнүн командаларынын оюндары жакты. Жаңы толкун келатканын кабарлады. Мен Аргентина командасына күйөрман болуп турам. Алар бүгүн германиялыктарды утса, сөзсүз чемпион болушат. Чейрек, жарым жана финалдык мелдештерди көрүүгө бара жатабыз.

Германияда өткөн Эл аралык футбол федерациясынын Конгрессине катышып, 18-дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине барып келген өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев дүйнөлүк футболдун деңгээли өскөнүн, бул оюн кары- жаштын сүйүүсүнө айланганын айтып, таймашуулар тууралуу өз пикирин мындайча билдирди:

- Дүйнөлүк футболдун деңгээли абдан жогорулады. Айрым өлкөлөрдө атайын идеологияга, ал түгүл саясатка айланды. Бразилия, Англия, Италия, Португалия өлкөлөрүндө футбол өзгөчө керемет дүйнө катары таанылды. Азия өлкөлөрү да бул оюнга маани берип, биринчиликтерди, Кубокторду өткөрө баштады. Бул жолу да германиялыктар мыкты ойноп жатышат. Алар менен бразилиялыктар баш байге үчүн күч сынашуусу мүмкүн.
Ал эми бразилиялыктар дүйнөнүн беш жолку чемпиону болсо дагы бир да жолу Европада өткөн чемпионаттарда жеңишке жетишпей арманда жүрүшкөнүн да эскертип, айта кетейин. Ошондуктан кыйын, курч оюндар алдыда турат.



Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын айтымында украиналыктар эми чейрек финалда Италияны утуп жарым финалга чыгышы мүмкүн. Ошондой эле айрым күйөрмандар германиялыктар аргентиналыктарды утаарына ишенип турушат. Германия өлкөсүнүн футболчуларынын жылдызы жанып турганын, алар финалда бразилиялыктарды жеңип алуусун каалаган күйөрмандар да арбын.


Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Европа өлкөлөрүнүн командаларынын бирөө болушу мүмкүн экенин, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн футболдук деңгээли өскөнүн жана Германиядагы чейрек жана жарым финалдык үч мелдешти көрүүгө аттанып баратканын Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын жеттекчиси Рысбек Мааткабылов айтты:

Айрыкча Африка өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Алар чеберчилиги боюнча европалыктарга теңелип калганын чемпионаттын оюндары айгинелеп койду. . Мен өзүм Украинага күйөрман болуп, ийгилик каалап турам. Ал эми финалга Бразилия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгышы мүмкүн. Европа өлкөлөрү бул жолу да намысты колдон чыгарбоого аракет кылышат.

Азырынча бомбардирлердин сабын германиялык чабуулчу Мирослав Клозе 4 топ менен баштап келатат. Анык таймашуулар алдыда турат
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG