АКШ жетекчилигинин сунушу менен өлкө эсксперттери Куба боюнча жаңы отчет жазып чыкты жана ал эмки аптада жарыяланат. "Рейтер" маалымат агенттиги билдиргенге караганда, ал отчетто - азыркы президент Фидель Кастро дүйнөдөн кайткандан кийин кандай аракеттер көрүлүш керек экени жөнүндө айтылат. Жаңы түзүлө турган өкмөткө жардам көрсөтүү үчүн 80 миллион доллардан турган атайын фонд түзүлүүгө тийиш.