Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

'Ал-Каиданын' Ирактагы жетекчисинин башы үчүн беш млн доллар сыйлык жарыяланды

"Ал-Каида" уюмунун Ирактагы жаңы жетекчиси болуп дайындалган Абу Аюб ал-Масри тууралуу маалымат берген адамга Ирактагы америкалык аскерий жетекчилик беш миллион доллар сыйлык бере турганын билдирди. Анын алдында "Ал-Каиданын" Ирактагы бөлүмүн Абу Мусаб аз-Заркави жетектеген жана анын башы үчүн 25 миллион доллар сыйлык жарыяланган. Заркави 7-июнда америкалык бомбалоодон курман болгон.
XS
SM
MD
LG