Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, беш америкалык аскерге каршы тергөө башталды. Алар Багдад шаарында март айында бир жаш аялды зордуктап, андан соң анын өзүн жана дагы үч үй-бүлө мүчөсүн өлтүрүп салган деп айыпталууда. Бирок азырынча расми күнөө коюла элек. Башка кылмыштар менен байланыштуу буга чейин Иракта 14 америкалык аскер күнөөлүү деп табылган. Өткөн жылдын 19-ноябрында Ирактын Хадита шаарында америкалык аскерлер жыйырмадан ашык карапайым жаранды, алардын ичинде аялдар менен балдарды өлтүргөнү тууралуу да тергөө жүрүп жатат.