Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Таластагы «Бешташ” коругунан Майрам Акаевага эс алуучу жай курууга мыйзамсыз уруксат бергендер жоопко тартылышты


ТАЛАС. Талас облусунун экс-губернатору Кеңеш Карачалов жана айтылуу чиновник Тойчубек Касымовдун бир тууган иниси Кылычбек Дүйшөналиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 353-статьясы 1-бөлүгү менен күнөлүү деп табылышып, ар бири үч миң сомдон айыпка жыгылды. Коруктун мурдагы директору Авазбек Адигинеев жана Талас райондук жерди каттоо бөлүм башчысы Кенжетай Кулешов кылмыш жаза кодексинин 315-статьясы менен күнөлүү деп табылышты. Жогоруда бардык жетекчилер согуш күнүнүн алтымыш жылдыгына карата мунапыс мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Талас райондук соттун мындай чыгарган чечимине облустук прокуратура нааразычылык аппеляциясын облусттук сотко жөнөттү. Жакында бул иш кайрадан каралмакчы.

Аманбек Жапаров, Бишкек

Редактору Бакыт Орунбеков

XS
SM
MD
LG