Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Венгер ишкерлеринин сунуштары ысыккөлдүктөрдү алымсындырган жок


КАРАКОЛ. Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиевдин ишкана жабдыктарын жакшыртуу демилгесин колдоп, венгер ишкерлерин Ысыккөлгө алып келди. Жашылча-жемиш жана ун, картошканы кайра иштетүү адистери Берш Бонратлот баштаган топ Балыкчы, Ысыккөл районундагы чакан цехтерге өз техникаларын сунуштаганда, көлдүктөр аны кабыл алган жок. Бостери айылындагы тегирмен ээси Адылбек Оноев 45 миң долларлык кесме, нан чыгаруучу мындай станокту Орусиядан 17 миң долларга алууга болорун белгиледи. Венгер ишкерлери 1-июлда Түп, 2-июлда Жетиөгүз райондорун кыдырып, 3-июль дүйшөмбү күнү облус жетекчиси менен жолугат.

XS
SM
MD
LG