Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Кыргыз-өзбек чекарасындагы окуя боюнча эки тараптуу териштирүү болуп жатат


БАТКЕН. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, окуяга кириптер болушкан кыргыз чек арачылары жоопко тартылбайт. Мунун себебин Таштемир Эшалиев Марказ айыл өкмөтүнүн аймагында буга чейин да өзбек жарандарына бир нече эскертүүлөр болгону менен түшүндүрдү. Акыркы маалыматтарга таянсак, окуя болгон жерде октун кырк сегиз гильзасы табылган. 30-июнь күнү буттарына ок жеген өзбекстандык Ашур Закиров менен Рустам Хамракулов учурда Фергана облустук ооруканасында дарыланууда.
Учурда бул окуя боюнча Баткен облустук аскер прокуратурасы иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG