Анын аралыгында Кошмо Штаттардын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад билдиргендей, бүгүн Ирактагы жергиилктүү жана америкалык түрмөлөрдөн 500 дөй адам эркиндикке чыгарылды. “Жакынкы күндөрү дагы бир топ киши бошотулат”, - деди Халилзад. Өткөн жумалардан бери түрмөлөрдөн бошотулгандардын саны азыр 3 миңге жакындап калды. Абакта отургандарды бошотуу иши – Ирактын премьер-министри Нури Камил ал-Маликинин улуттук кайра жаралуу планынын алкагында аткарылып жатат.