Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

«СКРИПКА МЕНЕН АЙТЫЛГАН СҮЙҮҮ» ЖАНА «МУЗЫКА БООРОНУ»


Өтүп бараткан аптанын маданий окуялары

Дүйшөмбү күнү Улуттук китепканада “Азаттык деген - асыл сөз” аттуу көргөзмө ачылды. И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Улуттук китепкана биргелешип уюштурган бул көргөзмөдө 1916-жылдагы Улуу Үркүн тууралуу жазылган китептер, көркөм чыгармалар, макалалар жана фотосүрөттөр коюлду.Бул көргөзмө Үркүндүн 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Шаршембиде Улуттук филармонияда “Даткайым” скрипачтар ансамбли классикалык музыка сүйүүчүлөрүнө “Скрипка менен айтылган сүйүү” аттуу концертин тартуулады. Эки күнгө созулган бул кечеде Моцарт, Чайковскийдин жана кыргыз композиторлорунун сүйүү темасындагы чыгармалары, ошону менен белгилүү тасмалардан алынган музыкалар тартууланды. Ансамблдин көркөм жетекчиси Чынара Абдрахманова майда-чүйдө концерттерди тез-тезден эле берип турабыз, ал эми мындай кызуу даярданган кечелерибиз жылына эки гана жолу болот, дейт.


Бул жумада Бишкекте “Музыка бороону” аттуу концерт өттү. Кыргыз эстрадасында жаңыдан чыгып келе жаткан жаш аткаруучулар, КВН топтору, жана реп жанрындагы ырларды ырдаган ырчылардын катышуусунда өткөн бул концерт үч күнгө созулмак, бирок экинчи күнү уюштуруучулардын кайдыгер мамилесинен келген көрүүчүлөрдүн маанайын түштү. Концертке келгендер эки сааттан ашык убакыт күтүштү, андан соң уюштуруучулардын бир чыгып, кече өтпөйт деп элди таратты. Ошентип келген эл нааразы болушту. Биз уюштуруучуларга кайрылганыбызда техникалык себептерге байланыштуу деп гана жооп беришти.


Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия театрларынын биринчи “Аземи-2006” Ысыккөл театр фестивалы жана жаңы жазылган пьесалардын экинчи жарманкеси өттү.

Бул фестиваль менен катар Ысыккөлдө жаш таланттардын “Мини- мисс” жана “Мини- мистер” сынагы өттү. Ага Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан жаш таланттар келишти. Сынактын талабына ылайык улан-кыздар менен бирге шык жөндөм, пародия жана авангард багытында өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынактын катышуучулары өз мекенинин маданиятын гана көрсөтүп тим болбостон, башка улуттардын да үрп-адаттары менен таанышканга мүмкүнчүлүк алышты.


Ош облустук Султан Ибраимов атындагы кыргыз драма театры жана Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын чыгармачыл жамааттары Алай жана Чоналай райондорунун тургундарына Жеңишкүл Өзүбекованын “Тозок” спектаклин тартуулашты. Эми артистер күзүндө Султан Раевдин драмасы боюнча коюлган “Кашар” аттуу спектаклдин бет ачарын көрсөтүшөт.

Жума күнү Тунгуч театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматова “Менин революциям, менин сүйгөнүм” аттуу спектакли менен түштүк жергесинде гастролун баштады.

Айнура Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG