Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ЧАРЛИ ЧАПЛИНДИН ШЛЯПАСЫ, ТАЯГЫ 140 МИҢ ДОЛЛАРГА САТЫЛДЫ


Дүйнөдөгү эң сылык адамдар Нью-Йорк шаарында жашашат. Ал эми Индиянын Мумбай калаасынын тургундары болсо жер шарындагы эң орой кишилер экен. Мындай жыйынтыкка америкалык “Ридерс дайжест” журналы 35 шаарда өткөргөн иликтөөдөн кийин келди.

Би-Би-Синин Мумбаидеги кабарчысы билдиргендей, иликтөөгө тартылган шаарлардын тургундары сыпайлыктын сынагынан өтүшкөн.Бирок, айрымдар баа берүү критерийлери Батыштын көз караштарына таянганын, иликтөөдө маданий айырмачлыктар эске алынбаганын айтышат. Мумбаиде жашаган чет өлкөлүктөр болсо индустар өтө адептүү жана меймандос болушат дешет.

Жакында австриялык сүрөтчү Густав Климт тарткан портрет 135 миллион долларга сатылган эле. Лос-Анжелестеги аукциондордун биринде дагы бир рекорд коюлду. Бул жолу даңазалуу Чарли Чаплин “Улуу диктатор” деген фильмде колдонгон таягы менен шляпасы 140 миң долларга сатылды. Баш кийим режиссердун студиясы үчүн атайын Будапештте жасалган. Чаплиндин таякчалары жана шляпалары буга чейин да сатылып келген, бирок мындай чоң суммадагы акча эч качан сунушталган эмес. Ошол эле аукциондо АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон ойногон саксофондордун бири 7 миң 800 долларга сатылды.


Америкалык Эдвардс Форбс Смайлды болсо шляпалар менен саксофондор кызыктырбайт. Байыркы карталардын коллекционери китепканалардан, башка академиялык мекемелерден карта уурдаганын мойнуна алды. Соттун өкүмү күзүндө белгилүү болмокчу. Смайл 6 жылга түрмөгө кесилип, 1 миллион 700 миң доллар штраф төлөөгө милдеттендирилиши ыктымал. Болжол менен ал 8 жылдын ичинде жалпы баасы 3 миллион долларды түзгөн 97 картаны үйүнө көтөрүп кеткен. Алардын жарымы башка коллекционерлерге же ортомчуларга сатылган.
Смайлдын авдокаты билдиргендей, ал штрафты төлөө үчүн эки үйүн сатканы жатат.


Дүйнөдөгү дээрлик бардык авиакаттамдарда чылым чегүүгө тыюу салынган. Германиялык ишкер учакта отуруп алып тамеки тартууну эңсегенби, айтор Александр Шоппман чылым чеккендер үчүн авиакомпания түзгөнү жатат.
Анын аталышы Smoker`s International Airways, же кыскача Сминтэйр болмокчу. Шоппман анын кардарлары негизинен люкс тейлөөнү каалаган бай ишкерлер болот деп үмүттөнөт. Бул үчүн «Боинг-74» учактарында демейдегидей 418 эмес жалаң бизнесс-класстагы 138 орун болмокчу.

Дюсселдорф-Токио каттамында уча турган эки «Боингте» сиздер тамеки тартуудан тышкары атайын залда эс ала аласыңар. Тамекинин түтүнүнө аллергиясы барлар жана чылым чегүүгө караманча каршы болгондор бизге кайрылбай эле коюшсун, - деп жазылат авиокампаниянын сайтында. Кыскасы, мындай мүмкүнчүлүк түзүш үчүн лицензия алууга Шоппман 40 миллион евро топтошу керек.

XS
SM
MD
LG