Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

ГҮЛНАРА АБИКЕЕВА: БОРБОР АЗИЯ КИНО ТАРМАГЫНА МЕНЕДЖМЕНТ ӨТӨ ЗАРЫЛ БОЛУП ТУРАТ


Эрнис Кыязов, Прага 1-июлда, Европадагы абройлуу кинофестивалдардын бири, Чехияда өтчү “Карловы вары” ишин баштады. Аталган сынакта калыстар тобунун мүчөсү, казакстандык белгилүү кино-сынчы Гулнара Абикеева фестивалдын алдынан Прагага келип, “Эркин Европа - Азаттык” радиосунун баш-кеңсесинде болуп кайтты. Бир канча редакциялар үчүн өткөргөн чоң конференциядан соң, ал кыргыз редакциясынын да айрым суроолоруна жооп берген.

Гүлнара Абикееванын айтымында, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн кино дүйнөсүн башка өлкөлөргө таанытуу багытында жакшы саамалыктар болуп жатат. Мисалы, жанылык иретинде айта кетсек, Гүлнара Абикееванын жетекчилигинде Борбор Азиядагы 5 мамлекеттин кино ишмерлеринин жоон тобу "Сорос-Кыргызстан" фондусунун көмөгү менен «Борбор Азия киносунун мурдагысы жана келечеги» деген аталышта фильмдердин DVD-топтомун чыгарышты. Ал топтомго Борбор Азиядагы «эң мыкты» делинген тасмалар киргизилген. Эми ал дисктер дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн китепканаларына, фонддорго бекер таратылат. Анткени мындай демилгенин башкы максаты- Борбор Азия киносун дүйнөгө таанытуу, - дейт Гүлнара айым.

Фильмдерди тандоодогу кездешкен кыйынчылыктардын бири, Советтер союзунун тушунда тартылган фильмдердин көпчүлүгү сакталбай калгандыктан, аларды табууда машакат болду. Дискке көчүрүлгөн фильмдердин кандай иргелип, тандалып алганы тууралуу Гүлнара Абикеева төмөнкүлөрдү айтты:

Г.Абикеева: - Бул тасмалар жыйнагын чыгарууда биз үчүн фильмдерди тандоо өтө кыйын иш болду. Анткени Советтер союзунун тушунда жана андан кийин мезгилде деле тартылган фильмдер көп болчу. Биз болсо ар бир мамлекеттен бирден эле тасманы тандашыбыз керек эле. Ошондуктан биз тарыхый тасмаларды албайбыз деп чечтик. Анын ордуна биз фильм качан тартылган болсо, ошол мезгилдин реалдуу жүзүн көрсөткөн чыгармаларды алалы,- деп макулдаштык. Андан сырткары биз бул жыйнакка эларалык фестивалдарда эң көп сыйлыктарды жеңген тасмаларды киргиздик. Мисалы, Актан Абдыкалыковдун “Бешкемпир” фильми 25 түрдүү эларалык кинофестивалдарда сыйлыкка ээ боло алган. Ал эми “Кош-бакош” тасмасы 18 сыйлыкты багындырды. Түркмөнстандык режиссер Усман Cапаровдун “Кичинекей периште, кубаныч тартуула!” деген фильми Берлинале деген фестивалда балдар үчүн фильмдер ичинде эң мыкты деп, баш-байгени алган. Андан башка деле 20 дай сыйлыгы бар.

Журналисттер менен болгон жолугушуудан соң, Гулнара Абикеева «Азаттыктын» кыргыз редакциясына келип, кино тармагы боюнча берилген бир катар суроолорго жооп берди. Анын пикиринде, Борбордук Азия киносунун дүйнөлүк рынокто өз ордун таба албай жаткандыгынын бирден бир башкы себеби – бул аймакта кино жаатындагы менеджменттин жоктугу.

Гүлнара Абикеева: - Менимче, Борбор Азия кино тармагына менеджменттик өтө зарыл болуп турат. Анткени, чынында эле, биз кинопродукциябызды Батышка кантип сатууну үйрөнө элекпиз, жеке эле кинотеатрларга сатыш керек да деп кыйылганыбыз менен, видеопрокат түрүндө же телекомпанияларга сатса болот да. А бизде мындай тажрыйба жок, себеби биз бул ишмердикке жаңы гана баш багып келаткан өлкөлөрбүз. Кудайга шүгүр, бизде өтө таланттуу, өнөрлүү режиссерлорубуз, операторлорубуз, актерлорубуз, киножаратмандарыбыз бар, бирок биздин өксүгүбүз -кинону бизнес аркылуу өнүктүрүп кете албагандыгыбызда. Балким Батыш тарапты көрүп, ал жактагы жетишкендиктердин жөн-жайын өздөштүрүп калган жаштарга үмүт артканыбыз оң болоор…

Гүлнара Абикееванын оюнча, кинодогу жаратмандык өлкөдөгү асыл баалуулуктарды даңазалоого багытталышы керек. Бул жагынан алганда, Гүлнара айым Өзбек киносунун оң жактарын мисал келтирди.

Гүлнара Абикеева: - Өзбек киносу эмнеси менен мага жагат? Мейли мамлекеттин патриоттук маанайдагы буюрутмасы деп атайлы, мейли тек гана мамлекеттик буйрутма дейли, бирок акыркы убакта жаралып жаткан өзбек тасмаларында улуттук баалуулуктар сезилип турат. Комедиограф Зулфукар Мусаков «Асмандагы балакайлар» деген кино тартыптыр. Мисал үчүн, менин балдарым ошол кинону көрүшүн өтө каалар элем. Кинодогу катышкан 4 каарман - 4 балакай турмушу өйдө-ылдый болгонуна, кээ бирөөсүнүн ата энеси ичип кеткенине карабай бир-бирине жардам берип, колдоп жөлөшөт. Алардын классташы Лола деген кыз элчиликте иштеген атасы менен кошо чет өлкөгө көчүп кеткенде «байкуш Лола, чет өлкөдө эми аябай кыйналат да..» дешип кызды аябай аяшат. Мекенге болгон ушундай суйүүнү кинонун тили менен жеткирсе, мисалы бул кинону көргөн Казакстан жаштарынын 50 пайызы чет өлкөдө эмес Казакстанда жашаганга умтулушмак.

«Азаттык»: Гүлнара айым, кино тармагы айрым учурларда өзүнчө бир чыгармачылык өнөр катары эмес, идеологиялык курал болуп кызмат өтөгөн учурлар деле болуп жүрөт. Дегеле искусствонун бул түрүн саясатта колдонууга кандай карайсыз?

Гүлнара Абикеева: - Мынакей, биздин курактагы адамдар, жашы 40 тан ары ооп калган кишилер, ашкере эле «советтик» аң сезимге суугарылган кишилербиз. Дагеле болсо «ой биздин жашоо кыйын болуп баратат, эми кантебиз» деп наалый бермей адатыбыз бар. Бирок биз мамлекетти куруу жаны, сергек идеяларды сиңирүү аркылуу ишке ашырууну түшүнбөйбүз. Мына, маселен, эмне үчүн казак киносун жашоону капкарага боеп эле көрсөтө берген бир жактуулугу үчүн күнөөлөй беришет. Анткени жаркырап турган, оңчулуктуу идеялар болгон эмес. Бирок, келечекте жаңы муун келет да, алар буттан тушап турган советтик аң сезим дегенди түк түшүнбөйт. Алар башкача кино жаратышат.

«Азаттык»: Гүлнара айым, Советтик кездеги кинонун эң башкы өксүгү эмнеде, мына эми алдыда, келечекте кинонун өнүгүшү үчүн кандай тематикаларга басым жасалышы керек?

Гүлнара Абикеева: - Советтик кездеги кинолордо үй-бүлөдөгү өксүктөр, ажырашуулар, чыр-чатактар, кыскасы тагдыры сынган үй-бүлөлөр көп чагылдырылчу, «Ак кеме» фильмин эстеп көрүңүз, анда ата-энеси жок баланын жан дүйнөсү сүрөттөлөт эмеспи, «Биздин балалыктын асманы» фильмин эстеңиз, ал жакта да ушундай эле үй-бүлөлүк өксүк. Азыркы заманда болсо үй-бүлөдөгү ыйкы -тыйкылар ого бетер көбөйүп кетти. Эми келечекте киночулардын өксүгү толо, турмушу сынык үй-бүлөнү кино аркылуу элдин аң сезимине таңуулай бербей, бүтүн үй-бүлө, бүтүн турмушту чагылдырганга аракет кылыш керек. Мисалы, Эрнест Абдыжапаровдун «Боз салкын» фильми жаш, бүтүн үй-бүлөнүн курулушу сүрөттөдөгү мыкты далил болуп бере алды.

«Азаттык»: Гүлнара айым, маек куруп бергениңиз үчүн чон рахмат.
XS
SM
MD
LG