Бул тегерек үстөлдүн катышуучулары дүйнө элдеринин оозеки мурасынын берметтерине айланган манасчылык, акындык, дастанчылык, ырчылык өнөрдүн бүгүнкү күндөгү абалы, изилдениши, эмнелер иликтенип, эмнелер көз жаздымда калып жатканы, эмнелерге өзгөчө көңүл буруу керектиги ж.б. көптөгөн маселелер жөнүндө кең-кесири баардашты. Өз ойлорун, каалоо-тилектерин ортого салган катышуучулардын ичинен Америкалык Борбордук Азия университетинин “Маданий антропология жана археология” кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору Айгерим Дыйканбаева менен америкалык профессор Натан Лайттын оозеки чыгармачылыкты иликтешкен жана изилдеп жаткан иштери тегерек үстөлдүн катышуучуларынын кызуу колдоосуна алынды.
Айгерим Дыйканбаева бүгүнкү күнгө чейин көңүл бөлүнбөй көз жаздымда калып келе жаткан кыргыз уламыштарын алгачкылардан иликтеп, кандай илимий эмгекти жаратканы жөнүндө айтып берди:
- Кыргыз эли абалтадан эле оозеки чыгармачылыктын ар кандай түрлөрүнө, жанрларына өтө бай экенин жакшы билебиз. Ошондой эле элибиз уламыштарга да өтө бай. Бирок, уламыштар бүгүнкү күнгө чейин жыйналбай, иликтенбей көз жаздымда калып келди. Мен кыргыздын элдик уламыштарын жыйноо, иликтөө үчүн долбоор жазып утуп алдым. Ошону ишке ашырыш үчүн Кыргызстандын төрт бурчун түгөл кыдырдым. Баш аягы 450 уламыш чогулттум. Аларды мазмуну боюнча жанрларга, түрлөргө бөлдүм. Акырында “Кыргыз уламыштары” аттуу көлөмдүү илимий эмгегимди чыгардым. Китебиме 206 уламышты англис тилине котордум. Бул менин биринчи монографиям. Менимче бул эмгегим кыргыздын оозеки адабиятын иликтеген окумуштуулар жана студенттер үчүн кызыктуу болот деген ойдомун,- деди Айгерим Дыйканбаева.
Ушуга эле жанаша эпикалык чыгармалардын тексттерин жана контексттерин изилдеп жүргөн америкалык профессор Натан Лайт эпос, дастандарды эл оозунан, айтуучулардан жазып алууда нота шекилдүү атайын белгилерди иштеп чыкканын, Кыргызстанда жүрүп, тил үйрөнүп, Таластагы “Манас ордого” барып манасчылар менен таанышканын айтты.