Палестиндик согушкерлердин туткунунда экендиги билдирилген бир аскерин куткарып алыш үчүн Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан аскердик операциясы курч сыноолорго туш келүүдө. Түркиядагы чыгуучу Заман, Хуррият жана Миллиет гезитинин кечээки сандарында жарыяланган материалдарга караганда, Израилдин премьер-министри Ехуд Олмерт, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана премьер-министри Исмаил Хание менен сүйлөшкөн Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган АКШнын президенти Жорж Бушка телефон аркылуу кайрылып, Израилдин обу жок күч күч колдонуусу оор абалды ого бетер татаалдаштырып жатканын билдирген. Кабарчынын суроолоруна кайрылып Эрдоган ошондой эле «Израилдин бир аскерине каршы палестиндик сегиз министрди, элүү депутатты жана жергиликтүү жетекчини барымтага алууну, карапайым эл жашаган аймакты аткылоону түшүнүш мүмкүн эмес», деп Израилди сынга алган.
Лондондо жекшемби күндөрү чыгуучу Обсервер басылмасынын кийинки санында да израилдик операция кескин сындоого учурады. «Израилдин согуштук актыларын кечирүү мүмкүн эмес» деген баш сөз менен чыккан макалада комментатор Уилл Хаттон жөөт аскери Жалиттин туткундалып кеткендигине байланыштуу Израилдин жүйөөсүз жана мээримсиз кайтарган жообу Жакынкы Чыгыш аймагындагы башка региондорго таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертет.
Израил армиясынын Газа тилкесиндеги аскердик операциясы Израилдик басылмалар тарабынан дагы сындала баштады. Маселен, өлкөнүн кадыр-барктуу гезиттеринин бири Хаарец: «авто унаалардын жана жөөлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурган бир түрдө көпүрөөлөрдү бомбалоолор, чалдыбары чыгып талкаланган аба майданын курчоого алуу, Сириянын президенти Бежар Асаддын сарайынын үстүнөн коркутуп учууларды уюштуруу жана Хамас өкүлдөрүн туткунга алуу эч качан күтүлгөн натыйжа бербейт», деп эскерткен. Тельавив өкмөтүн акыл-эстүүлүккө жана оор басырыктуулукка кайтууга үндөгөн. Гезит баш макаласында ошондой эле өкмөттү дароо сүйлөшүүлөрдү баштап, Хамастын туткундалган өкүлдөрүн бошотуп жиберүүгө чакырган.
Түркиялык басылмалар Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезердин өткөн аптада Россияга болгон сапарына өзгөчө көнүл буруп, түрк-орус мамилелеринин кийинки абалына сереп сала башташты. Таанымал журналист Мехмед Али Биранд Turkish Daily News деп аталган гезитте чыккан «макаласында түрк-орус махабаты улам күчтөнүп баратат» деп жазган. «Мындан нары дегенде 15 жыл эле илгери мамилелердин ушунчалык өнүгөөрү миң уктаса түшкө кирбейт эле»,- деп улантат Биранд мырза. – «Энергетика жана туризм тармагындагы карым-катыштар жана түрк ишкерлеринин Россиядагы ири инвестициялары ушул өткөн жылдардын аралыгында эки ортодо абдан күчтүү мамилелерди орнотту».
Хурриет гезитинин ишембидеги санында болсо Президент Неждет Сезердин Россияга сапары тууралуу маалымат берилип, Россиянын Газрому Самсун-Жейхан мунай долбооруна катышууну чечкенин билдирет. Гезитте жазылганган караганда, Москвада Италиянын тышкы иштер министри Массимо Далема менен көрүшкөн Россиянын каржы министри Алексей Кудрин орус Газпрому менен Италиянын ENİ фирмасы Самсун-Жейхан долбооруна катышууну принцибинде чечкендигин жарыялаган. «Бул долбоор адегенде орус газын Самсун-Жейхан линиясы аркылуу Жерортолук деңизине алып чыгууну болжойт. Буга макул болгон орус өкмөтү келечекте мунай ташый турган экинчи бир линияга да ыраазы болору толук ыктымал», деп белгилейт Хурриет гезити.