Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

МУРДА КЕМИРЧЕК ЧЫКЧУ, АЗЫР ЧӨП ДА ӨСПӨЙ КАЛГАН


«Кумтөр» алтын кенине бараткан чоңжолдо ары-бери каттаган оор жүктүү машинелердин чаңы менен түтүнү Барскоон капчыгайына экологиялык коркунуч туудурганына көп болду.

Күрүлдөгөн оор жүк ташуучу машине капчыгай өрдөп катуу келатат. Артынан ээрчиген чаң жол боюнда кичинекей баласын кучактап туруп калган келинди каптап, түтүн аралаш чаң кыйлага тарабай турду. Алп машине капчыгай өрдөп катуу ылдамдыкта бараткан. Жол боюнда саргая баштаган карагайлар, арчалар, чаңга басылган чөптөр «жалт» артта калат. Барскоон айылындагы «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн экологиялык салакасына арналган жыйын катышуучуларына мына ушул киноэпизод чоң таасир калтырды…

Жетиөгүздүн Барскоон айылынын жашоочусу Самудин Калиевдин айтымында, азыркыдай Кумтөргө чейинки жол боюндагы токойду чаң менен түтүнгө ыштай берүү токтолбосо, онбеш жылдан кийин кыштакты башка жакка көчүрүү керек болот.

- Ушул чаң менен, Кумтөргө бараткан Барскоондогу чаң менен эми бир беш жылы чаңдатсак, онбеш жылдан кийин Барскоонду бир жакка көчүрөбүз. Мына Сарыкүңгөй деген жер бар эле, Булагы, сазы бар эле. Азыр көпүрө салды. Ошол сазга кемирчек чыкчу. Азыр кемирчек эмес, ал жерге чөп чыкпай турат.

Барскоондогу «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева «Кумтөр» алтын кенинен чыккан уулуу суу сакталган тосмо 2003-жылы 8 сантиметрге жылып кеткенин маалым кылды. Калтыс жерде курулган уу тосмонун эртең дагы бир жеринен жарака кетишы ыктымал, экологиялык кырсыктан алдын-алуунун чаралары иштелип чыкканбы? Ушундай суроону ал «Кумтөр алтын кенинин эколог адиси Эрик Кожомкуловго узатты.

- 2003-жылы тосмо 8 сантиметрге өзүнөн-өзү ачылып кеткен. Ага шынаа койгонсуңар. Компания кетет. Кийин бул тосмонун эгерде экологиялык кырсык болсо, Кудай сактасын, эгер дагы бир нерселер болсо ким жооп берет?

«Кумтөр» алтын кенинин эколог адиси Эрик Кожомкулов алтын кенди иштетүүдөн чыккан уулуу суу сакталган жайды дагы бекемдөө иштери жасалып жатканын белгиледи.

- Туура айтып атасыз, бираз жылып кетти. Бирок ачылып кеткен эмес. Андай жылып кеткен тосмолордун биртобу бар. Шынаа коюп жатабыз. Биринчи шынааны койгондон кийин жылып кетүү бираз токтолду. Азыр экинчисин жасап жатабыз.

Акыйкатта да, оор жүк ташуучу машинелердин түтүнү менен жолдун чаңы, ага кошумча «Кумтөр» алтын кен комбинатынан чыккан уулуу суу сактачу жайдын абалы экологиялык коркунучту түзүүдө. Жетиөгүз районунун акими Замир Турдукеев аймактагы суу ташуучу машинелерди чогултуп, жолго тынбай суу чачууну уюштуруу маселесин кендин жетекчилери менен биргелешип чечүү аракетин көрүп жатканын белгиледи.

- Эми ушуну «Кумтөр» менен макулдашып, ушунун акысын төлөп бере турган болсо, бул маселени толук чечпесек да кандайдыр бир деңгээлде азайткан болор элек.

«Кумтөр» алтын кенинин түштүк-батыш жагынан жаңы кен табылып, быйылкы жылдан баштап ал жер да ишке киргизилмекчи. Адистердин айтуусунда, жаңы кенди иштетүү 2010-жылга чейин жүргүзүлмөкчү. 1998-жылкы экологиялык кырсыктан жүркзаада болгон жергиликтүү калкты кийинки жылдары ары-бери каттаган жүктүү машинелердин чаңы менен түтүнүнөн Барскоон капчыгайындагы карагай-арчалуу токойдон биротоло кол жууп калуу коркунучу көбүрөөк ойлонто баштады.

…Күрүлдөгөн оор жүк ташуучу машине капчыгай өрдөп катуу келатат. Артынан ээрчиген чаң жол боюнда кичинекей баласын кучактап туруп калган келинди каптап, түтүн аралаш чаң кыйлага тарабай турду…

XS
SM
MD
LG