Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

БАРЫМТАЧЫ АРАБДАР ИЗРАИЛГЕ УЛЬТИМАТУМ КОЙДУ


Нарын АЙЫП, Прага Жакынкы Чыгыштагы жаңы кризис сегиз күндөн бери уланууда. Израил аскерлери Газа тилкесин бомбалоого алып, чек арага миңдеген аскер топтоду. ХАМАС уюмунун аскерий канаты болсо Израилге ультиматум койду.

Кризис ХАМАС уюмунун аскерий бөлүктөрү Израил аскеринин Гилад Шалит деген 19 жаштагы бир ефрейторун 25-июнда барымтага алгандан соң жөөт аскерлери Газа тилкесин бомбалоого киришкенден башталды. Жөөт жетекчилигинин айтымында, туткунга түшкөн солдатты бошотуу үчүн Израил бардык мүмкүн болгон чараларга барат. Анткен менен ал ефрейторду барымтага алгандар 3-июлда Израилге ультиматум койду - 4-июлдун таң эртесине чейин жөөт абактарында отурган миңге жакын араб бошотулууга тийиш, антпегенде ефрейтор Шалиттин маселеси жабылат.

Абактардагы арабдардын айрымдары сотсуз жана тергөөсүз кармалган, ошондуктан, барымтачылардын пикиринде, аларды дагы барымтага алынгандар деп эсептесе болот жана жөөт өкмөтүнүн дагы андай аракеттери террорчулукка жатат. Израил жетекчилиги мурда - эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөй турганын билдирген, ошондуктан арабдар тарабынан коюлган ультиматум ансыз деле татаал абалды ого бетер курчутту.

Үстүбүздөгү жылдын башында парламенттик шайлооодо жеңип чыгып, Палестинанын жаңы өкмөтүн түзгөн ХАМАС уюмунун расми жетекчилиги Мисир аркылуу дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүүгө аракеттенүүдө, бирок жөөт аскерин барымтага алгандар эч кимге баш ийбей жаткандай. Израил аскерлери болсо Газа тилкесиндеги айрым жолдорду, көпүрөлөрдү, премьер-министрдин кеңсесин бомбалап-бузуп жана аймактагы жалгыз электр станциясын кыйратып салды. Натыйжада миңдеген адам жарыксыз калды жана адам укуктарын коргогон уюмдардын айтымында, экстремисттик бир уюмдун аракеттеринин айынан жазыксыз башка адамдар жазаланууда.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, эки тарап тең сабырдуулук кылыш керек: "Аймактагы палестиналык ишканалар корголууга тийиш. Алар - келечекте эки мамлекет түзүү чечиминин негизи болуп эсептелинет, ошондуктан аларды коргоо эки тараптын тең кызыкчылыгында. Андыктан аларды кыйратуу менен маселени чечүү эмес, такыр башка жыйынтык чыгып кетиши мүмкүн", - деди Кофи Аннан 2-июлда.

Израилдин айтымында болсо, ХАМАС түзгөн өкмөт террорчуларды коргоп жатат: "ХАМАС түзгөн өкмөт жөн гана террорчулар өкмөтү деп атаса болот, ошондуктан анын аракеттерин токтотуу үчүн биз бардык талаптуу аракеттерди көрөбүз жана көрүп жатабыз. Биз сабырдуулук кылып жатабыз, биз бардык кесепеттерди ойлонуу менен аракеттенүүдөбүз", - деди вице-премьер министр Шимон Перес 2-июлда.

Эксперттердин пикиринде, ХАМАС өзүнүн бардык аскерий уюмдарына толук көзөмөл кыла албаганы менен өз алсыздыгын көрсөтүүдө. Израилдин жаңы премьер-министри Эхуд Олмерт болсо өзүнүн күчтүү жетекчи экенин көрсөтүүнү эңсеп жатат. Бирок эки тараптын тең аракеттери Жакынкы Чыгыш маселесин чечүү жараянын татаалдантууда.

Франциянын "Фигаро" гезити 3-июлда жазганга караганда, мынчалык кеңири аскерий чабуул жүргүзүп, миңдеген карапайым адамды жапа чектирген Израиллин аракеттерине барымтага алынган жалгыз адамды бошотуу арзый турганынан күмөн санаса болот.

XS
SM
MD
LG