Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

ҮЙ-ЖАЙСЫЗ АДАМДАР МЕНЧИК ЖЕРДИ ЭЭЛЕП АЛЫШТЫ


Жалалабат шаары менен Сузак району чектешкен жерге 3-июлда 300дөн ашык адам чогулду. Алар депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептелген бош жерлерди турак-жай куруу үчүн бөлүп берүүнү талап кылууда. Түрдүү улуттун үй-жайсыз, жумушсуз жана батирлерде жашаган өкүлдөрү кароосуз жер менен имараттардын алдына кепе жана темирден жасалган боз үйлөрдү, чарпаяларды куруп алышкан. Депутат К.Батыров менчигин ээлегендерге жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жаткандыгын айтса, бийлик өкүлдөрү маселе териштирилип жаткандыгын билдиришти.

3-июлда Жалалабат шаары менен Сузак районунун үч жүздөн ашык тургуну депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептелген кезектеги бош жерлерди ээлеп алды. Батирде жашаган Күмүшкан Жолдошова үй-жай тургузууга депутаттын менчигин бөлүп берсе деген тилек менен келген:

- Депутат Кадыржан Баатыров имараттарды сатып алып, басып алып отурушкандан көрө, карапайым калкка бөлүштүрүлүп берилсин.

Баатыр эне Матлюба Саипованын пикири боюнча менчик кароосуз тургандан көрө элге пайдасын тийгизсе, оңдуу болот:

- Элдер үйсүз-жайсыз жүрөт. Бул менчик кароосуз тургандан көрө элге пайдасы тийсин.

Мурдагы “Живпром” ишканасына караштуу бул аянттар жер ченегичтер менен эсептегенде 33 гектар болуп чыкты. Жер ээлегендердин башчысы Манас Бектемировдун кароосуз имараттарды социалдык муктаждыктарга ылайыктап куруу ниети бар:

- Биз бир саат айландык, ченегенибизде 33 гектар жер чыкты. Ушул жерди жакыр эл, кедей дыйкандарга берсе. 5 сарай бар экен. Ушул 5 сарайдын ордуна биринчиден, мектеп курабыз, экинчиден мечит, ФАП, бала бакча кылабыз.

Жер басып алгандар коомдук күзөт адистерин ал жерге жакындатпай, жулмалаган. Күзөтчү Кулпунай Султанованын ою боюнча Жалалабатта менчик жайларды ээлөө токтобой жаткандыгы өлкөгө инвестиция салгысы келген ишкерлерди чочутат:

- Инвесторлор келбейт. Курманбек Бакиевди чакырганы менен, сен элиңди башакара албайсың, бизди кайдан башкарасың дешет. Бул тескерисинче түртмөй, тосмой, тоскоолдук болуп атат.

Көпчүлүк ээлеген жердин 12 гектары Кадыржан Батыров акционер болгон “Темирташ” жана “Достук” коомдоруна, калганы Жалалабат шаары менен Сузак районуна караштуу. Депутат менчигин коргоо өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке утуру кайрылууда. Анын айтымында бийлик жер ээлөөчүлөрдүн артында туруп алып, мыйзамсыз жолдор менен ага басым жасоодо:

- Ачыктан-ачык мунун башында бийлик турат. Булар азыр мага конституциялык эмес нормада басым кылып атышат. Бүгүнкү күндөгү бийликтин бети ушундай.

Депутаттын пикири менен шаар бийлиги макул эмес. Жер ээлөөчүлөр менен сүйлөшкөн тармактык жетекчилер алардын иш аракети чеки экендигин түшүндүргөн. Жалалабат шаар башчысы Дүйшөн Мамасалиев менчик түрүнө карабай, мыйзам чегинде корголоорун билдирди:

- Бул кишилер имараттан чыгыш керек. Ким квартирада турса ошол жерде жашашы керек. Булардын тизмеси менде, облуста, прокуратурада, милицияда бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG