Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

ГУАНТАНАМОНУН ТАГДЫРЫ КОНГРЕССТЕ ЧЕЧИЛЕБИ?


Кошмо Штаттарынын Жогорку соту өткөн аптада Гуантанамодо террорчулар деп камалган айыпкерлерди атайын согуштук комиссияда соттоого болбойт деген бүтүм чыгарган эле. Бирок президент Буштун өкүлдөрү мындай комиссия тууралуу башка бир мыйзам долбоорун сунуш эткен жана байкоочулар бул долбоор бардык тараптардын көңүлүндөгүсүн таап, конгресстин колдоосуна ээ болот деп болжолдошууда.

Кубанын аймагындагы Гуантанамо түрмөсүндө 450 чакты айыпкердин айрымдары төрт жылдан бери айып коюлбай камалып отурушат. АКШнын президенти аларды соттоо үчүн атайын аскердик комиссия түзүүнү сунуш этти эле, бул сунуш Жогорку соттон өтпөй калды. Жогорку сот буга Конгресстин уруксатын алыш керек деп кеңеш берди. Ошондуктан Жорж Буш кайрадан эле ушул жаатта аракеттенет деп божомолдоо мүмкүн. Анын үстүнө, анын Республикачыл партиясынан шайланган сенатор Арлен Спектр андай мыйзам долбоорун буга чейин эле сунуш эткен. Демократтар буга каршы чыгышкан күндө да, республикачылар Сенатта да, Конгрессте да үстөмдүк кылгандыктан, долбоор өтүп кетиши да мүмкүн дейт Демократиялык изилдөө институтунун негиздөөчүсү жана учурдагы жетекчиси Патрик Башам.

Бардыгы ноябрда өтө турган конгресске шайлоого барып такалууда. Президенттин колундагы жалгыз картасы азыр – терроризмге каршы согушка болгон колдоо. Бул колдоо мурдагыдай эмес, ошентсе да бар. Конгресстеги республикачыл көпчүлүк бул маселеде президенттин айтканынан чыкпайт.

Натыйжада, дейт Башам, Буш өзү мурда каалагандай, же ошого жакын мазмундагы мыйзам долбооруна ээ болот болуш керек. Анын үстүнө Буштун буга чейинки мыйзамдын чегинен сырткары чөйрөдө аскердик комиссияларды түзүү аракети чындыгында Гуантаномо айыпкерлери үчүн оң жагынан айланды, себеби себеби келечек соттордо алардын укуктары кеңеймекчи. Ал тургай Буштун администрациясы да утат дейт Башам. Себеп дегенде, Гуантанамо туткундарына байланыштуу дүйнөлүк пикир Буштун саясатына каршы болуп келаткан. Азыр эми администрация Жогорку соттун чечмине ылайык иш жүргүзүүгө мажбур болуууда. Ушундан улам Гуантанамого байланыштуу Буштун саясаты мыйзамдуулук аурасына ээ болмокчу.

XS
SM
MD
LG