GSM стандартында мобилдик байланыш кызматын Кыргызстанда «Бител» компаниясы менен БиМоКом компаниясы көрсөтүп келатат. Анын ичинен «Бител» дээрлик монополиялык абалда. Бул компаниянын айланасында чатак, узакка созулган соттук териштирүүлөр өткөн жылы орун алып, декабрь айында соттун чечими менен орусиялык «Резервспецмет» компаниясы «Бителге» кожоюн болуп таанылган.
Анда «Резервспецметтен» «Бителди» казакстандык «Альянс капитал» талашкан эле.
«Резервспецмет» дайындаган «Бителдин» азыркы башкы директору Денис Шершневдун айтымына караганда, беш ай ичинде жаңы кожоюн компаниянын ишин жолго салып, мурунку кожоюн алып келген зыянды жоюуга аракеттерди жасап жатат.
Бирок жакында Улуттук байланыш агенттиги «Бителге» бир катар дооматтарды коюп, кемчиликтер четтетилбесе лицензиясы тартылып алынаарын эскерткен.
Агенттик «Бител» компаниясына сапатсыз байланыш, мобилдик карталардын ачылып калышы, бирдиктердин уурдалышы боюнча жана абоненттерди бир жумалык бекер байланыш деген жарнама менен жаңылдырып, чыгаша учуратты деген айыптарды койгон.
Агенттиктин эскертүүсүнөн кийин «Бител» компаниясы өзүнүн мүлкүн «Скай мобайл» компаниясына сатууну чечкен. Бул чечим тууралуу Денис Шершнев буларды билдирди:
"Ооба, жакында «Бител» компаниясын өз мүлкүн сатарын жарыялады. Сатып алуучу «Скай мобайл» компаниясы. Анын кожоюну Altima компаниясы. Биздин мындай кадам абоненттик базабызды жана бизнести коргоо аракетинен келип чыкты. Анткени биздин лицензияны чакырып алуу мүмкүнчүлүгүн Байланыш боюнча улуттук агенттик эскертүүсүндө белгилеген".
Тактай кетүүчү нерсе, GSM стандарттында мобилдик байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензиясы бар «Скай Мобайлды» Altimo компаниясы Кател мобилдик компаниясынан жакында эле сатып алган.
Бул жерде саясат, же бизнести тартып алуу аракети жок экенин кошумчалаган Денис Шершнев, «Бител» менен Altimo мобилдик компанияны кандай бөлүшөт, кимде канча үлүш болот, мүлк канчага сатылды, жаңы, эски кожоюндар кимдер деген суроолорду жоопсуз калтырды. Бирок агенттиктин лицензияны тартып алуу тууралуу эскертүүсүн жокко чыгаруу үчүн «Бител» сотко кайрылганын белгиледи.
Такталган маалыматтарга караганда, Altimo компаниясынын артында орусиялык «Альфа групп» финансы-өнөр жай консорциуму турат. Altimo орусиялык «Вымпелком», «Мегафон» жана Түркиянын «Tyrkcell», Тажикстандын «Takom», Украинанын мобилдик байланыш компанияларында үлүшү бар портфелдик инвестор.
Айрым маалыматтарга караганда, кожоюну ким экенин ушул кезге чейин ачык айтылбаган «Бителдин» азыркы ээси «Резервспецметтин» артында да ошол эле Altimo компаниясы турат.
Азыркы жасалган мүлктү сатуу боюнча операция болсо, бир эле кожоюндун Байланыш боюнча улуттук агенттиктин эскертүүсүнөн чочулап, бизнесин бир колдон экинчи колго өткөрүү.