Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

ВАЛЕНСИЯ МЕТРО КЫРСЫГЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫН ЭСКЕРҮҮДӨ


Испаниянын Валенсия шаарында кечээки кырсыктын курмандыктарын эскеришүүдө. Өлкөнүн тарыхындагы эң каргашалуу метро авариясында 41 кишинин өмүрү кыйылды. Бийликтердин ишениминде, поезд аялдамага жакындап келатканда эки вагон жолдон чыгып кеткен. Катуу келаткан поезддин дөңгөлөгү бузук болгон деп болжолдонууда.

Ак халатчан тез жардам кызматкерлери жарадарларды машинага салып жатышат. Ал эми от өтпөс комбинeзон кийген куткаруучулар майышкан темир-тезектин алдынан өлүктөрдү сууруп чыгышууда. Испаниянын тарыхындагы эң каргашалуу жол кырсыгында кечээ 41 кишинин сөөгү сөпөт болуп, дагы 40 чактысы жараат алды. Поезде келаткан Хозе Антонио Муноз колу сынса да, аман калганына тобо дейт:

Мен келаткан вагон аңтарылып кетти, адамдар кулап түшүштү, айлана кап-караңгы. Дагы ичээр суум түгөнө элек экен, аман калдым.

Соңку кырсыктан улам испандар 2004-жылдагы террордук чабуулду эскеришүүдө. Анда Мадрид поезддеринде 191 киши күм-жам болгон эле. Бирок бул ирет бийликтер терроризмдин тийешеси жок экендигин жарыялоога шашты. Аларга ылайык, поезд баш калаа Мадридден 30 чакырымдай аралыкта жайгашкан Валенса шаарынын Йезус же Иса бекетине өтө катуу ылдамдыкта келаткан. Кошул-ташыл болуп, поезддин бузук дөңгөлөгүнөн улам эки вагон жолдон чыгып кеткен. Бирок кийин Унаа министри Хозе Рамон Гарсия Антон өткөн айда эле текшерүүдөн өткөн поезддин дөңгөлөктөрү тап-татынакай эле абалда болгон деп айтты.

Буга караганда, испандар кырсыктын себебин жүрүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгынан гана так билет окшойт.

Валенсадагы аза күтүү үч күнгө созулмакчы. Анын аралыгында, шаарга курман болгондордун урук-туугандары ар тараптан чууруп келе башташты. Мындан эки саат мурда шаар беш мүнөткө тымтырстыкка бөлөнүп турду. Шаар тургундары курмандыктарды ушул жол менен эскеришти. Кечинде шаардык чиркөөдө өлгөндөрдүн арбагына багышталып, таат окулат. Өкмөт башчысы Хозе Луис Родригес Запатеро Индияга сапарын орто жолдон токтотуп, Испанияга кайтып келди. Падыша Хуан Карлос жана ханыша София менен ал да Валенсиядагы таатка катышат деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG