Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 02:44

“ХИПИКТЕН” КИМ УЯЛЫП ЖАТАТ, ЫЯ?..


Шаршембидеги кыргыз гезиттеринде саясий-экономикалык теманы чагылдырган биртоп материалдар жарыяланды.

Кыргызстан «Хипикке» кириши керекпи же жокпу. Ушул суроо коомчулукту кыйладан бери түйшөлтүп келет. Экономика жана каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Абдыразаковдун ырасташынча, жаңы демилгеге кирүү керек. Анын «МСН» гезитиндеги маегинде ырасталгандай, ушу тапта Кыргызстан карызын төлөөнү артка жылдыргандан кийин жылына 20 миллион доллар акча жылына бюджеткен кредитти кайтарууга бөлүп турушу керек.

Жакынкы он жыл аралыгында жеңил шартта берген карыздардын үстөк пайызын төлөө милдети да туру. «Биз карыздарды 1993-жылдан бери ала баштаганбыз, 2003-жылы негизги акчаны кайтаруунун кезеги келген. Бул деген эми төлөй турган акчанын көлөмү көбөйө берет дегенди түшүндүрөт. Улуттук банк ЭВК алынган акчанын үстөгү менен өзү төлөп жатканын эске алсак, ушу тапта накта төлөнө турган акча 60 миллион долларды түзөт», дейт Эрнис Абдуразаков.

Азыр айрымдар «Хипикке» кирүүдөн уялып жатышат. Бирок учурунда уялбай эле Кыргызстан жылына 70 миллиондон 150 миллионго чейин доллар акчаны 15 жыл бою карызга алып келбедиби. Өлкөнүн бюджети болгону 300 миллион доллар болсо олчойгон карызды аларда ойлонуш керек эле го, дейт Э.Абдуразаков. Карыздарды төлөш үчүн Кыргызстан алына чактап жашаш керек, салыкты арбын чогултуп, чыгымды азайтып, өкмөт катуу каржылык тартипти сакташы абзел.

Кыргызстандын кендирин кескен улуттук чоң көйгөй аракечтик менен баңгилик экенин шаршембидеги «Республика» гезитинде Алымбек Биялинов жазды. Тонналаган баңгизаттардын азганакай бөлүгү кармалып, калганы чет өлкөгө өтүүдө. Калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн кыйласы ичимдик менен нашаага берилип кеткенин көрүп, Кыргызстанда ишкерлик кылууга белсенип чыккан инвестор деле аз болууда.

«Азырынча Кыргызстан аракечтик менен баңги согушунан утулуп гана келатат. Бирок да жагдайды жакшы жагына оңдоого дагыле кеч эмес», деп жазат А.Биялинов. Болгону саясий жетекчилик аракечтик менен баңгичиликке катуу каршы туруп, коомдун бакубат күчтөрү менен биргелешип социалдык чоң илдетти дарылоого киришүүсү зарыл. Башка жол жок.

Кадамжайдагы быйыл майда өткөн кандуу окуялардын себеп-жөнү, анын артында кимдер турганы тууралуу «Республика» гезитинде Толкун Сагынова ой жүгүрткөн. Күч кызматынын божомолунда Кыргызстан менен Тажикстанга бүлүк салган жанкечтилер мурдагы Өзбекстан ислам кыймылынын кийинки Түркстан ислам партиясынын өкүлдөрү. Тергөөнүн жүрүшүндө бул божомол ырасталды, деп маалымдайт макала автору.

Кыргызстанда туризмди кантип өнүктүрүүгө болот? Бул ишке кадрларды даярдоо кандай жүрүп жатат? Профессор Кеңешбек Алымбеков мына ушул теманын тегерегинде ой жүгүрткөн. Анын макаласы шаршембидеги «Республика» гезитинде чыкты.

Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө түгөнбөгөн митингдер терс таасир тийгизип жатканы тууралуу «Энесай» гезитинде «Ысыккөл» мейманканасынын жетекчиси Мирслав Аманкулов кеп куруп берген.

Медицина тармагындагы коррупция, аны азайтуунун аракеттери көрүлүп жатабы? Парламент депутаты Асамидин Марипов «Энесай» гезитинде мына ушул суроонун алйланасында ой жүгүрткөн. «Медицина системасын реформалоого эларалык уюмдар 18 миллион доллар бөлгөн. «Манас» деп аталган бул реформанын экинчи этабына да ушундай эле суммадагы акча берилген. Тилекке каршы, коррупциялык элементтер жана башка алдым-жуттумдар чет өлкөлүктөрдүн жардамын максаттуу иштете алышкан жок же жеке кызыкчылыгына пайдаланышты. Министрлер баш болуп, тиешелүү жетекчилер элдин, мамлекеттин келечегин ойлогон жок», дейт А.Марипов.

Азимбек Бекназаровдун Башкы прокуратуранын иши тууралуу сын пикиринен соң анын өзүнө каршы кылмыш иши ачылып калышы ыктымалдыгын шаршембидеги «Дело №» гезити жазды. Башкы прокурор К.Конгантиев Аксы окуясына байланышкан иштерди бешке бөлүп, анын чыгышына себеп болгон жагдайлардын бири А.Бекназаров Токтогулда тергөөчү болуп иштеп турганда жаап койгон кылмыш ишин кайрадан кароого кызыкдар экенин билдирген. К.Конгантиевдин айтуусунда, териштирүүгө адам укугун коргоочулар, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышмакчы.

Азимбек Бекназаров элдик революциянын алдында жүрүп, мурунку бийликтин көмүскө иштеринин кыйласынын бетин ачып, анысы менен азыркы башкаруучулардын да жат көздөн далда кармап келаткан «жашырын сырларына» кабылып алды. Аны жаңы бийлик эзели кечирбейт, деп белгиледи «Белый пароход» гезитинде Е.Авдеева. А.Бекназаров бийликке келгени А.Акаевдин атын азыркы бийлик менен элдин эсинен биротоло өчүрүп салуу аракетине киришип алып, өзү акаевчилердин арасында экенин унутуп койду окшойт, дейт макала автору.

Бийлик вертикалы, бир кызматка болгон милдеттердин баары үйүлсө, экинчисине кайнаса каны кошулбас иштерди башкаруу озуйпасы тийгени «АиФ Кыргызстан» апталыгындагы Дмитрий Орловдун макаласында баяндалган. Өнөр жай тышкы соода туризм, экономикалык стратегияны аныктоо, каржы агымын жөнгө салуу, буга кошумча толгон-токой оперативдүү маселелерди чечүү. Бул эки министрликтин эле милдети, дейт макала автору. Биздин бийлик азыр Гондурас менен АКШнын ортосунда, арасат жолдо, эмне кыларын билбей эси ооп турган кези, дейт саясат таануучу Зайнидин Курманов.
XS
SM
MD
LG