Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

ОШ : МАҢЗАТТАРЫН АЛЫП ӨТҮҮЧҮ КАНАЛДАР КӨБӨЙҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Маңзаттарын Ош облусунун аймагы аркылуу алып өтүүчү каналдар жылдан-жылга кеңейүүдө. Бул боюнча тынчсыздануусун билдирген Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агентчиликтин түштүк аймактык башкармалыгы маңзат соодасы менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтор адистешкен түзүлүшкө айланып бара жатат деп кооптонууда.

Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Расулберди Райымбердиев кийинки учурда маңзат соодасынын өнүгүшүндөгү кырдаал бир кыйла курчуп, анын таралуу каналдарынын кеңейиши кооптонууну пайда кылып жатат деп билдирди:

- Ош шаары Тажикстан менен чектешкен биринчи чоң шаар. Автотрасса, башка каттоолор дагы Ош аркылуу өтөт. Ошондуктан Оштун аты чыгып атат. Ош шаарына өткөн маңзаттары сөзсүз түрдө Бишкек, Казакстан, Орусиянын кээ бир шаарлары аркылуу өтүп, анан таркап кетип атат.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда өткөн жылдарга салыштырмалуу маңзаттарын ташып өтүүнү каалап кармалгандардын санынын жана тартылып алынган маңзаттарынын өлчөмүнүн көбөйгөндүгү байкалууда:

- Беш айдын жыйынтыгы боюнча Ош облустук ички иштер башкармасынын баңгизатына каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 59 кылмыш иши айкын болгон. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4 кылмышка көп, же болбосо 7,2 пайызга көбөйгөн. Жалпы алынган баңгизаттын салмагы бүгүнкү күндө 60 кг. 309 грамм. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 35 кг. 207 грамм болчу, башкача айтканда 25 кг. 102 граммга көп алынган, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаев.

Мындай көрүнүштү башкы изкубар Расулберди Райымбердиев маңзат соода каналынын кеңейип жаткандыгы менен байланыштырды. Анын сөзүнө караганда маңзатын ташыгандар эмес, ташыткан негизги товар ээлери учурда кармалбай келе жатат:

- Банк системаларында акчаны бир жака которуу маселелери жакшы контролго алынса бизге жеңилирээк болот эле. Финанасылык негизин тактоо боюнча биз эми аракет кылып иштеп келе жатабыз. Ташып аткан 2-3 деңгээлдеги адамдар табылып, эң чокусуна жетиш маселеси бизге оор болууда.

Маңзат соодасына каршы күрөшкөн изкубарлар Ош облусунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен бийик тоолуу ашууларында учурда төрт багыттагы негизги жол каттамы аныкталгандыгын кошумчалашты.

XS
SM
MD
LG