Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН- КАЗАКСТАН МЕЛДЕШЕТ


Бүгүн 5- июлда Алматы шаарында футбол боюнча Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн тандалма командаларын жолдоштук беттешүүсү болмокчу. 12 жылдан бери бул коңшу эки команда беттеше элек болчу.

Учурда эки кишинин башы кошулса эле, кеп кылганы футбол. Германиядагы дүйнөлүк чемпионатынын жарым финалдык таймашуулары өтүп жаткан учурда Алматыда дагы жолдоштук беттешүүлөр болууда. 2-июлда Казакстан тандалма командасы Тажикстан менен жолдоштук беттешүү өткөрүшүп, 4:1 эсебинде талаа ээлери жеңип алышкан. Эгемен өлкө болгону кыргызстандык футболчулар казактар менен 12 жылдан бери күч сынашып көрүшө элек. Коңшу болгону менен Казакстан Европа футбол уюмуна мүчө болуп, машыктыруучуларын да чет өлкөлөрдөн алып келишип, европалыктарга ыктап кетишкен. Мындан 12-13 жыл мурда казакстандыктар менен кыргыз футболчулары үч ирет жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүп, экөөндө тең чыгышып, бир жолу гана жеңилип калышкан. Учурда Казакстандын футболдук деңгээли жогору экенин, клубдук командаларынын даярдыгы мыктылыгын, алар Европа чемпионатына тандап алуу мелдештерине катышып жатканын Казакстан-Тажикстан жолдоштук беттешүүсүнө калыс болуп келген Кыргызстандын футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Кадыр Чыныбеков белгиледи:

-Казактар Европа футбол уюмуна мүчө болгону - деңгээли абдан жогорулады. Учурда башкы машыктыруучусу да голландиялык адис. Анын эки жардамчысы эстониялык машыктыруучулар. Футболго өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлгөн. Европа чемпионатынын иргеп алуу мелдештерине катышууда. 16- июлда Бельгия менен 5-августта Азербайжан өлкөлөрү менен беттешмекчи. Коңшу туруп бат- бат жолдоштук мелдеш өткөрбөй келгенибиз өзүбүзгө эле зыян. Кыргызстандык мыкты футболчулар айла жоктон, өлкөдө камкордукка алынбагандыктан казактардын клубдарында ойноп жүрүшөт.

Учурда кыргызстандык футболчулар тыңгылыктуу эс алыша элек. Жаздан бери 15-футбол чемпионатынын оюндары жана Эгемендүүлүк кубогунун беттешүүлөрү улантылып келүүдө. Жакында эле Малайзиядан Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы Азия конфедерациясынын президентинин кубогун жеңип келишкен.

Кыргызстандын тандалма командасынын жана «Дордой-Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытовдун айтымында Алматыдагы жолдоштук беттешүүдө жаштарды сынап көрүп, быйыл декабрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында боло турган 15-Азия оюндарына даярдык көрүү башкы максаты. Алматыда казактар менен тартынбай ойнойбуз. Себеби, алардын футбол клубдарында кыргызстандык Игорь Кудренко, Валерий Березовский, Руслан Жамшидов, Эмил Кенжесариев жана башка жигиттер ойноп жүрүшөт. Мындай жолдоштук беттешүүлөрдү байма- бай өткөрүп туруунун зарылдыгын Борис Подкорытов белгиледи.

Мындай жолдоштук беттешүүлөр менен кыргыз футболунун деңгээли өсүп, жаштардын спортко болгон кызыгуусу тереңдээрин, Казакстандын футболдук клубдарында чет өлкөлүк адисттер иштеп жатканын, мелдештерде чеберчилик өсөөрүн Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтты.

Алматыдагы футболдук беттешүүгө Кыргызстандын командасын өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев, ушул уюмдун башкы катчысы Кылычбек Бердибеков жана башка футбол адисттери баштап барышты.

Футбол күйөрмандардын эсине, жолдоштук беттешүү 5-июлда кечинде Алматы шаарынын Борбордук стадионунда болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG