Өзбекстан бийлиги Канада атуулу Хусейин Желилди Ташкенге туугандарына конокко келген жеринен март айында кармап, аны июнда Кытайга тымызын өткөрүп берген. 30-июнда гана Өзбекстан бийлиги бул тууралуу расмий билдирген. Кытай бийлиги Хусейин Желилди «диний жикчилдикке», «жанкечтиликке» тиешеси бар айыптап келген.
Шинжаң-Уйгур автоном районундагы кытайлык бийликтер Америкалык уйгурлар жамаатынын төрайымы Рабия Кадырдын Кытайда жашаган төрт баласынын үчөөн - Кахар, Абликим, Алимди 13-июнда салыктан төлөөдөн качкан деген шылтоо менен камакка алышкан. Ал эми Рабия Кадырдын кызы Рушангүл үй камагына алынган.
Бишкектеги уйгурлар жамаатынын өкүлдөрү Хусейин Желил, Кахар, Абликим, Алим, Рушангүл Кадырларды камактан бошотуу талабын коюп 5-июлда Бишкектеги Кытай элчилигинин алдына пикетке чыгышты.
Пикетчилер Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаого жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысы Кофи Аннанга жогорудагы талаптарын билдирген кайрылуу жолдошту. Бишкектеги Кытай элчилиги Ху Цзиньтаого багышталган катты алды, бирок пикетчилерге эч жооп берген жок.
Бир сааттай турган соң, чак түштө пикеттин катышуучулары тынч тарап кетишти.