Мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин Казакстанга болгон ырасмий иш сапарынын алкагында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөр өттү. Анын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосунда кызматташуу боюнча 11 документке кол коюлду.
Мындан сырткары эки өлкө башчылары кызматташтыкты тереңдетүү декларациясына кол коюшту. Ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Казакстан Автомобилист», «Саамал» эс алуу жайлары, «Казакстан» санаторийи жана «Университет» ден-соолукту чыңдоо лагери Казакстандын менчигине өткөрүлүп берилди. Бул маселе буга чейин бир нече жолу көтөрүлүп, эки өлкө ортосунда пикир келишпестикти жаратып келген.
«Кыргызстан ишкерлер» бирлигинин президенти Өмүрбек Абдрахманов Көл жээгиндеги 4 эс алуу жайынын Казакстанга өткөрүп берилишин туура деп эсептейт:
-Казактар туризм боюнча биздин эң негизги өнөктөшүбүз. Ошону үчүн 3-4 эс алуу жайын талашканыбыз туура эмес. Аларга эс алуу жайларынын берилиши туура деп эсептейм. Бир гана - алар салык төлөп турушу керек,- дейт Өмүрбек Абдраханов.
Ошенсте да Ысык-Көлдөгү бир катар эс алуу жайларын казактарга өткөрүп берүү чечими терс көз караштарды жартапай койгон жок. Бул маселеге Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаевдин пикири төмөндөгүчө:
-Кошуналарга жагынып эле биздин өлкө жетекчилери жер берип жатышат. Бир жакка барганда эле бир белек алып барышат. Ал белеги-жер. Буга чейин Түркияга барышканда да жер берилген. Мен буга каршымын,- деди Султан Урманаев.
Мамлекет башчынын Казакстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө ошондой эле эки өлкөнүн финансы полициясы, эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрликтери ортосунда кызматташуу жөнүндө атайын макулдашууга кол коюлду. Эки өлкө ортосунда жашыруун маалыматты коргоо жана кыргыз-казак чек арасында биргелешип көзөмөл жүргүзүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн – 5-июлда мамлекет башчы Курманбек Бакиев казакстандык ишкерлер менен жолугушуп, аларды Кыргызстанда инвестициялык ишмердүүлүгүн активдештирүүгө чакырды. Президент Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча баардык шарттар бар экенин белгиледи. Өткөн жылы кирешеден төлөнчү салык азайган, ошондуктан Казакстандын ишкерлери финансылык каражаттарын Кыргызстандын экономикасына жумшаса болот деп билдирди.
«Кыргызстан ишкерлер» бирлигинин президенти Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, казак ишкерлерин өлкөгө чакыруудан мурун, өлкөдө чет жактан келген инвесторлордун укугун коргоо үчүн укуктук базаны жана механизмерди иштеп чыгуу керек:
-Алгач ирээт салык кодексин жөнгө салышыбыз керек. Бюрократияны кыскартуу керек. Бирок, биринчи биздин ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп бериши керек, андан кийин гана казакстандык ишкерлерди тартышыбыз керек. Анан жөн эле “эшиктерибиз ачык, эмне кылсаң өзүн бил” деген туура эмес саясат. Мисалы, Канттагы цемент-шифер заводун казактарга берип коюп, азабын чегип жатабыз. Каалаганын жасап жатышат,-дейт Өмүрбек Абдрахманов.
Маалыматтарга ылайык бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн көлөмү 300 миллион долларга жеткен. Кыргызстанда жүздөгөн ишканалар Казакстандын капиталы менен иш алып барышууда. Ошондой эле казакстандык 5 ири банк Бишкекте иштейт.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүн – 5-июлда Курманбек Бакиевдин сапары Казакстандын мажилисинин башчысы Орал Мухамеджанов менен жолуккандан кийин аяктады.