4-июлда Буш аскерий базага барып, өлкөнүн көз карандысыздык күнүн жоокерлер менен белгиледи. Президент солдаттар менен кошо кезеке туруп, салат, камыр жана быштактан турган тамактан даам татыды. Буш: “Мен адатта туулган күнүмдү ошол күнү белгилейм, бирок үйдөгүлөр сюрприз даярдап жатышат болушу керек”, - дегичекте “Happy Birthday” деп ырдаган аскерлер ага Американын желеги жана 60 деген жазуу менен жасалгаланган чоң торт тартуулашты.Андан кийин президент Вашингтонго учуп кетти.
Билл Клинтон бийликте турган кезинде 50 жылдыгын жылдыздардын арасында, теледен көргөзүлгөн чоң галаконцерт менен белгилеген эле. Андан айырмаланып, Буш мааракесин камералардан, коомчулуктун назарынан алысыраак өткөрүүнү чечти.
Бирок буга чейин сүйлөгөн сөздөрүндө президент жакындап келаткан 60 жылдыгын байма-бай комментариялап жүрдү. Өткөн айда Багдадка барганда кабарчылардын бири: “Президент мырза, кандайсыз”, - деп сураса, Буш: “Сааттын айырмасы сезилбей койбойт экен, аны өзүңөр деле элестете аласыңар, эми 60ка жакындап калбадымбы”, - деп жооп берди.
Жакында болсо Небраска штатына барганда президент: “Жаштар үчүн 60тагы адамдар улгайган болуп көрүнөт. Бирок иш жүзүндө ал андай эмес экен” деген таризде сүйлөдү.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, атап айтканда 1946-жылдан 1962-жылга чейин Америкада 78 миллиондой бала төрөлгөн. Алардын алгачкы мууну быйыл 60 жашка чыгууда. Буштан тышкары быйыл мааракелерин мурдагы президент Билл Клинтон, ырчы Шер, актерлор Сильвестр Сталлоне, Лайза Минелли, Сьюзан Сарандон, режиссер Стивен Спилберг, бизнесмен Доналд Трамп белгилешет.Лаура Буш болсо ноябрда 60ка толот.
Профессор Пиллемер алардын көпчүлүгү үчүн 60 жаш - шок дейт. Түбөлүккө жаш бойдон калат деп ишенген муун, албетте, карыйт.
2004-жылы жүрөгүнө операция жасаткан Клинтондон айырмаланып, Жорж Буш, анын дарыгерлери ырастагандай, жакшы формада.