Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ : КЫРГЫЗСТАНДЫК КҮЙӨРМАНДАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын баш байгесинин талапкерлери аныкталды. Дүйнө кубогу үчүн 9-июлда италиялыктар менен француздар финалда Берлинде күч сынашат. Ал эми коло байге үчүн талаа ээлери португалиялыктар менен 8-июлда таймашка чыгат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык айрым күйөрмандар да назар салышып, кечээ португалиялыктар утулганына кабатыр болушса, айрымдары француздар мыкты ойноду дешүүдө. Алардын пикирлерин спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш сурап билүүгө аракет кылган.

Футбол боюнча 18-дүйнө чемпионатында баш байгеге талапкер катары кечээ француздар португалиялыктарды 1:0 эсебинде жеңип алышты. Франция командасына жеңиштүү топту Зиден айып тобун бетме-бет тебүүдө киргизди. Эки команда тең мыкты оюн көрсөткөнү менен франциялыктар артыкчылык кылганын Кыргызстандын футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Кадыр Чыныбеков
билдирди.

Кыргызстандык айрым футбол күйөрмандарынын айтымында финалдык беттешүүдө он алты жылдан бери кайрадан чемпиондукту самап келген италиялыктар француздарды утуп баш байгени утуп алышы мүмкүн. Айрымдары белгилегендей Франция дагы оңой жоо эмес. Аларда сегиз жылдан бери кайрадан дүйнө кубогун жеңип алуу ыңгайы келип турат. Ошондой эле айрым күйөрмандар бул жолу чемпионатта жарк этип жанган жылдыздар көрүнбөгөнүн да белгилешти.

Кечээ болгон Франция жана Португалия атаандаштыгы, оюндун деңгээли, финалда кайсы өлкө утаары тууралуу кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти.

Темирлан: - Мен 5- класстын окуучусумун. Футболго башынан эле кызыгам. Дүйнө чемпионаттынын оюндарын көрүп келатам. Жарым финалда Португалия утуп алат го деп ойлогом. Бирок Франция жеңип алды. Эми финалда Италия кайрадан төртүнчү ирет чемпиондугун сактап калууга аракет кылат. Франция финалда аларга утулуп, экинчи болот деп ойлойм.

Тынчтык: - Финалда Италияны француздар утуп чыгышы да мүмкүн. Себеби, италиялыктардын командасынын курамында жаш оюнчулар арбын. Португалиянын утулганына абдан капа болуп турам.

Айбек: -Бул жолу да италиялыктар баш байгени төртүнчү ирет жеңип алаарына ишенем.

Кутман: - Мен төрт жаштамын. Футбол көрүп жатам. Эми Италия чемпион болот деп ойлойм. Алар жакыш ойнойт экен. Мага Тоти жакты.

Дүйнөлүк футбол чемпионатынын жарым финалдык беттешүүлөрү супсак, кызыксыз өткөнүн, жылдан жылга коллективдүү футбол болуп, жарк эткен жылдыздар чыкпаганын футбол күйөрманы, актер Эгемберди Чалабаев да белгиледи.

- Футбол дүйнө жүзүн арбап алганы менен мурдакы чемпионаттардай жарк этип көрүнүп, көңүлдү бурган жылдыздар көрүнбөдү. Коллективдүү оюнга өтүп алышып, жекече таанылган футболчулар чыкпады. Футболдук машина оюн көрсотүп жаткандай таасир калтырды. франциялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, коргоонуунун мыкты үлгүсүн көрсөтүштү. Ошондой болсо да алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрө албадым. Африка өлкөлөрү кийинки чемпионатта футболго жаңы түс берип, өз сөзүн айтат деп ишенем.

Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү франциялыктар болушу мүмкүн экенин, учурда футболдун деңгээли өскөнүн күйөрман, акын жана журналист Тынчтыкбек Нурмамбетов белгиледи.

Чынында Африка өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Алар чеберчилиги боюнча европалыктарга тенелип калганын чемпионаттын оюндары көрсөттү. Мен өзүм башынан эле Францияга күйөрман болуп жүрөм. Бирок калыстар аларга тартып бетме- бет топ тебүүгө шарт түзүп коюшту. Калыстык болбой калды.

Эми 8-июлда коло байге үчүн талаа ээлери менен португалиялыктар күч сынашат. Быйылкы дүйнө кубогунун ээси 9-июлда Франция же Италия болоорун футболдук таймашуу аныктайт. Ал эми мыкты оюнчу деген наамга талапкер катары франциялык Зинедин Зидандын ысымы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG