Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Марат Султанов: Жаңы Конституция 2008-жылдан эрте кабыл алынбайт


БИШКЕК. Жаңы Конституцияны кабыл алуу жараяны 2008-жылдан эрте бүтпөйт. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов билдирди. Ошондуктан ал парламенттик, президенттик шайлоонун 2010-жылы өткөрүлүшүн жактайт. Төраганын пикиринде конституциялык реформанын алкагында бийлик бутактары бардык маселелер боюнча компромисске барышы керек. Экс-төрага Өмүрбек Текебаев 24кg агенттигине берген интервьюсунда эгер бийлик бутактары тил табышса, кезексиз шайлоо өткөрүү зарылдыгы болбой калат деп билдирген. Анын оюнда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кезексиз шайлоо өткөрүү дээринде идеалдуу кадам болмок.

XS
SM
MD
LG