Президенттик акимчиликтин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Эрмек Ибраимовдун айтуусунда, «мурдагы келишимдер негизинен декларациялык мүнөздө болчу». 15 жыл ичинде андай илгери үмүт, изги тилек билдирген документтерге көп эле кол коюлду. Бул ирет деле кол коюлган расмий документтердин түгөл баары токтоосуз ашып кетет деп айтыш кыйын.
Астанадагы сүйлөшүүлөрдө үч негизги маселе, атап айтканда, «Камбарата» ГЭСтерине инвестиция, кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык абалын жакшыртуу, Көлдөгү Казакстанга тийиштүү 4 пансионаттын тагдырын чечүү арбын козголду. Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министринин орунбасары Турусбек Мамашев эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катышты жакшыртуу баарынан маанилүү деп эсептейт.
- Бардык тармакта ачык соода-сатык жүргүзүү. Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү ушул маселе.
Кайриет, бул ирет Көл жээгиндеги Казакстандын төрт пансионатына тикелей байланган чиеш маселе – эмгек мигранттардын абалын жакшыртуу боюнча келишимге кол коюлду. Миграция жана жумушка жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Айгүл Рыскулованын айтуусунда, казак тарап мигранттар көйгөйүн жеңилдетүү маселесин беш жылдан бери чечпей созуп келди.
- Бул келишим кыргызстандык эмгек мигранттарына эмне берет? Биринчиден алардын укугун коргойт. Казакстан өз аймагында кыргызстандык жарандар иштеп жатканын ырастап, алардын укугун коргойт. Бул менин оюмча, биздин министрликтер менен ведомстволордун, дипломатиянын чоң жеңиши. Принцибинде Казакстанда жашырын жүргөн мигранттар үч жылдын ичинде ачык жүрүүгө укук алышат.
Айгүл Рыскулова келишимге кол коюлган күнү кыргызстандык эмгек мигранттарынын Казакстанда жүрүшүн мыйзамдаштыруу боюнча Н.Назарбаевдин атайын жарлыгы чыкканын маалым кылды. Жаңы келишимдин ишке ашырылышын эки өлкөнүн тийиштүү министрлик, мамлекет комитет кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссия көзөмөлдөп турмакчы.
Эрмек Ибраимов Көл менен Алматыны байланыштырчу төтө жол курууга казак тарап кызыкдар экенин билдирди.
- Макулдашуу учурунда Алматы менен Көлдү байланыштырган жаңы жол салуу боюнча келишимге келишти. Бирок бул оголе көп сөз болгон мурунку жол эмес.
Буга кошумча, «Камбарата» ГЭСтерине келчү инвестициянын тагдырын, кыязы, расмий Астана адистердин кеп-кеңешин уккандан кийин чечeт окшоп калды. Алар жакын арада Кетментөбөгө келип, кыйла жылдардан бери токтоп турган курулушту көрүп кайтышмакчы. Буга чейин орусиялык ишкерлер чоң курулушка кызыгып, бирок да мыйзам тоскоолунан акчасын алып Тажикстанга кетип калышкан.
Казакстандык ишкерлердин Кыргызстандын энергетикасына ири инвестиция алып келери тууралуу көптөн бери айтылып келатат. Расмий жыйындардан түшпөй келаткан бул тема качан аягына чыгары азырынча белгисиз. Кыргызстан ишкерлер бирлигинин төрагасы Өмүрбек Абдырахмановдун айтуусунда, жалаң сырт инвестициянын аркасы менен кыргыз экономикасын өнүктүрүп ийиш мүмкүн эмес. Инвестиция темасын байма-бай козгоп турушка Казакстан өзү да кызыкдар.
- Инвестиция келсе эле жыргайбыз деген сөздү мен колдой албайм. Килтейген «Кумтөр» деген инвестиция келди. Кыргыз андан канча пайда көрдү?
Кыргызстандын банк секторунун теңинен көбүy казакстандык ишкерлер ээлешкен. Экономикалык жагынан ыкчам өнүгүп бараткан коңшу өлкөнүн ишкерлери кийинки кездери энергетика, тоокен тармагына да кызыга башташты.