Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

ЗИДАН ФРАНЦУЗДАРДЫ ФИНАЛГА ЧЫГАРДЫ


9-июлда Германиянын баш калаасында Франция менен Италия футбол боюнча дүйнө кубогу үчүн беттешет. Франция 8 жылдын ичинде экинчи жолу чемпион наамын жеңүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алды. Андан тышкары бул матч француздардын капитаны Зинедин Зидандын чоң спорттогу соңку оюну болуп калмакчы.

Франция шаршембинин кечинен бери өз командасынын жеңишин майрамдоодо. Ал күнкү матчтын 33-мүөнөтүндө португалиялыктар Тьери Анрини жыгып, Зидан пенальтиден топ киргизип, француздардын финалга чыгышын камсыздады.

Париждин көчөлөрүндөгү шаан шөкөт түн ортосуна чейин тынчыган жок. Күйөрмандар: “Зизу! Зидан!” - деп кыйкырып жүрүшүтү.

"Ал мыкты ойноду, куттуктайбыз. Ал Алжир менен Франциянын сыймыгы", - дейт Абдель аттуу күйөрман.

Франциянын булуң-бурчундагы майрамдык маанай 2000-жылкы Европа чемпионатын эске салды. Алты жыл илгери да Зидан жарым финалдык беттешүүдө Португалиянын дарбазасына пенальтиден гол киргизген. Анда да Франция финалдык таймашта Италия менен ойногон. Азыр Италия, “Ювентустун” форварды Алессандро дель Пьеро айткандай, ошол жолку утулуш үчүн реванш алууга мүмкүнчүлүк алды.

Жекшемби күнкү беттешүү өтө кызыктуу болмокчу. 3 жолку чемпион Италия ушуну менен 6-ирет дүйнө кубогу үчүн күрөшөт. “Скуадра Аззура” жарым финалда талаа ээси Германияны жеңген.

Бирок футбол адистери белгилегендей, француздар финалга карай жолунда италиялыктарга караганда, өтө кыйын атаандаштарды жеңе алышты. Турнирдин алгачкы оюндарында француздар көп сын угуп келишсе, андан кийин Испания, Бразилия жана Португалияны биринин аркасынын бирин утушту.

Француздардын капитаны үчүн бул финал чоң спорттогу акыркы беттешүүсү болмокчу. 3 ай мурун 34 жаштагы Зидан Дүйнө чемпионатынан кийин кетээрин жарыялаган. Албетте ал жеңүүчү болуп кетүүнү каалайт. Зидан ФИФА тарабынан 3 жолу жылдын эң мыкты футболчусу деп таанылган. Ал азыркы чемионаттын эң мыкты оюнчусу да болуп калышы мүмкүн. Зидандан тышкары талапкерлердин арасында 4 италиялык, 2 франциялык, 2 немис жана 1 португалиялык футболчу бар.

Жеңүүчүнүн аты 10-июлда белгилүү болмокчу.
Өткөн чемпионатта эң мыкты деп немистердин дарбазачысы Оливер Хан аталган.

Ошентип, финалисттер белгилүү, бирок соңку беттешүүнүн арбитрлери тандала элек. Негизги талапкерлер - германиялык Маркус Мерк жана словакиялык Любош Михел. ФИФА өз чечимин эртең, бүрсүгүнү жарыялайт.
XS
SM
MD
LG