Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

ЭКИ ГЕЗИТ, ЭКИ ЖЭЭК, ЭКИ БАШКА ТУРМУШ


6-июлда жарык көргөн “Алас” гезити депутат Д.Садырбаевдин Жерүй алтыны боюнча сүйлөгөн сөзүн президент К.Бакиевге жолдогон. Депутаттын сөзүнөн үзүндү баскан гезит: “Эгер Жерүй, Майлысай электр лампа заводу, Кант шифер-цемент заводу сыяктуу Кыргызстандын объектилери жең ичинен жем боло берсе мамлекеттик бойдон калаарыбызга ишеним жоголду, урматтуу президент, буга сиз тараптан контраргумент табылар бекен? деп жазат.

Ушул эле гезит экс-президенттин уулу Айдар Акаев Маскөөдө “Кечки Бишкек” аттуу оюн-зоок объектисин куруп атканын, Ысыккөлдүн жээгиндеги 4 пансионат – “Автомобилист Казахстана”, “Салам” эс алуу жайы, “Казакстан санаторийи”, “Университет” ден-соолук борбору Назарбаевдин туулган күнүнө садага чабылды деп кабарлады.

Ал эми ушул күнү жарыкка чыккан “Слово Кыргызстана” гезити Казак президенти Н.Назарбаевдин: “Бакиевдин сапары ийгилик менен коштолду” аттуу сөзүн көлөмдүү макаласына баш тема кылып алган. Макаланын негизги өзөгүн кыргыз президентинин Казакстанга жасаган ырасмий сапары түзөт.

“Слово Кыргызстана” бул жолку санында өлкө башчысынын сапары аябай жемиштүү болгонун, эки өлкөнүн экономикалык алакасын жаңы деңгээлге көтөрө турган бир катар документтерге кол коюлганын белгилейт.

Ошондой эле “Слово Кыргызстана” гезитинен “Ак кеме” акционердик коомуна арналган “Клевета не осталась безнаказанной”, “Школьный завтрак в новой школе”, “Алас” гезитинен: Алым Токтомушевдин “Жерүй кимдин жемине айланат”, Капар Токтошевдин “Дагы бир секретный завод табылды” деген макалаларды окуй аласыздар.
XS
SM
MD
LG