Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

ЫСЫККӨЛДӨГҮ ТӨРТ ПАНСИОНАТ КАЗАКСТАНГА БИРОТОЛО БЕРИЛДИ


Бакыт Орунбеков, Бишкек Мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин Казакстанга жасаган расмий иш сапарында Ысыккөл жээгиндеги Казакстанга тиешелүү деп келген төрт пансионаттын биротоло Казакстандын менчигине өткөрүлүп берилиши кыргыз коомчулугунда бүйүр кызыткан пикирлерди жаратууда. Өкмөттүн көз карашында кеп болуп жаткан пансионаттарды бербей коюудан Кыргызстан эч нерсе утпайт, тескерисинче Казакстан ал жерге үч-төрт жылдыздуу комплекстерди курууга милдеттенди, туристтердин келишине шарт түзөт, эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртканга жакшы өбөлгөлөр болмокчу. Ысыккөлдөн пансионаттарды берүү Кыргызстандын аймагында Казакстандын жаңы анклавдарын жаратып, өлкөнүн саясий, экономикалык көз каранды эместигине терс таасирин тийгизет деген ойлор айтылууда.

Ысыккөлдө Казакстандын совет заманынан калып, иштеп келе жаткан «Автомобилист Казахстана», «Самал», «Казакстан» жана «Университет» пансионаттарынын тагдыры акыркы 15 жылдан бери чечилбей, эки өлкө ортосундагы кызматташууга байланышкан сүйлөшүүлөрдүн орчундуу темасына айланып келген.

Президент Бакиевдин Астанага жасаган биринчи иш сапаранын алкагында кол коюлган ондон ашык документтин бири - аталган төрт пансионаттын эми Казакстандын карамагына берилиши эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууга жакшы кадам болду, Ысыккөлдөгү туризмди өнүктүрүүгө кошумча өбөлгө түзмөкчү, - дейт мурдагы вице-премьер министр, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетов:

- Муну мен туура деп эсептейм. Эмне дегенде бул төрт пансионат казактардын акчасына курулган. 15 жылдан бери казактарга бербей жүрдүк эле, алар да каражат жумшабай, жаңыларын куралышпай жүрүшкөн. Эми алар да биздин алдыбызда милдеттемме алышпадымбы, жакынкы эле жылдарда первоклассный пансионаттарды салабыз деп. Эгерде бул жер биздики деп бербей жүрө берсек Көлгө да, Кыргызстанга да пайда алып келбейт. Бул дагы казактарга болгон жылуу мамилебиз деп ойлойбуз. Казактар да бул жолу көп маселелерди карап чыгып, жардам берели деп жатышат,- дейт Базарбай Мамбетов.


Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев маселенин мындай чечилишине каршы. Эгер ал жерлерди берип койсок, Кыргызстанда Казакстандын жаңы анклавдары пайда болот, казактарга жеңилдиктерди берүүнүн зарылчылыгы жок, арендасын, салыгын төлөп, пансионаттардын имараттарын өздөрүнүн мүлкү катары пайдалана беришсин деген пикирде:

- Мындай маселени мен башкача коет элем. Бул пансионаттарды казактар колдоно беришсин, бирок менчикке өткөрүп бериштин кереги жок. Себеби бул жер кыргыздын жери. Ал жерден аренда, салык алып биз пайда көрүшүбүз керек. Эмне үчүн казактар андан бошотулуш керек? Эгерде биз менчикке берип койсок, анда ал жерлер анклав болуп калат. Азыркы статусунда эле калыш керек. Өкүнгөнүм жердин тагдыры, албетте мүлк казактардыкы аны эч ким талашкан жок. Пайдалансын, төлөмдөрү бизде калсын, -дейт депутат Масалиев.

Пансионаттардын берилиши Кыргызстан экономикалык жактан чабал өлкө болгондуктан байлыгы артып бараткан Казакстандын үстөмдүгүнөн ушундай кадамдарга айласыз барып жатканын депутат Масалиев кошумчалады:

- Бүгүнкү жетекчилер жакшы мамиледе болобуз деп келечегибизге балта чапбайлы. Казакстан стратегиялык жактан, географиялык жактан бизге караганда жакшы турат. Биз төрт жактан жабылган мамлекетбиз да. Ошондуктан Өзбекстан, Казакстан да биз менен мамиле түзгөндө улуу ага катары мамиле жасайт, теңдик жок.

Мурдагы вице-премьер министр Базарбай Мамбетов курулай намыстанып отура бербей кошуна өлкөлөр менен жакшы мамиледе болгубуз келсе алар менен сөз таап алга жылышыбыз керек дейт:

- Мен Кыргызстандын экономикасы Казакстанга көз каранды дегенден абдан алысмын. Эки өлкөнүн экономикасы бөлөк. Кептин баары бири-бирибиз менен сөз таап бири-бирибизге кадам жасаш. Биз дайыма кошуна өлкөлөр менен экономикалык жактан жакшы мамиледе болгубуз келсе аларды көздөй жылышыбыз керек. Ошондо гана алар бизге жылат. Болбосо биз кыйынбыз, Ысыккөлүбүз бар, ошол жерде 4 пансионатыңар бар бербейбиз деп тура бергенден пайда чыкпайт.

XS
SM
MD
LG