Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

ТҮНКҮ КОЛ САЛУУ: КАТУУ ЖАРАДАР БРИТАНИЯЛЫК ИШКЕР ООРУКАНАДА


6-июлдан жетисине караган түнү үйүнө кирип бараткан жеринен белгисиз бирөө улуубританиялык “Оксус Голд” компаниясынын өкүлү “EDI Ltd.” компаниясынын жетекчиси Шон Дейлиге ок атып, оор жарадар кылып кеткен. Британиялык ишкер ушу тапта Бишкектеги ооруканада.

Окуянын чоо-жайын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурдин Жангараев мындайча баяндайт:

- Бишкектин Жибекжолу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Улуу Британиянын атуулу Шон Дейли деген адамга каршы ок атып, аны жарадар кылышкан. Ал “ЕDI Ltd.” деген Кыргызстанда иштеп жаткан фирманын өкүлү. Ошол окуянын күбөлөрү Черикбаев менен Шаяхметовдун айтууларына караганда, булар түнкү саат 12ден кырк мүнөт өткөндө Шон Дейли жашаган үйгө келишкен. Шаяхметов Шон Дейлинин жансакчысы болгон. Ал биринчи озунуп кирип, Шон Дейли жашаган бешинчи кабаттын биринчи кабатынан өтө бергенде артынан үч жолку октун үнүн угат. Сыртка чуркап чыкса Шон Дейли босогодо жаткан болот. Ал жараат алган экен. Дароо эле тез жардам менен милиция чакырылат. Окуя болор замат эле Бишкекте “Сирена” деген оперативдүү план ишке киргизилди. Мерчемдүү жерлерге күзөттөр коюлган. Түнү менен оперативдүү-иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, иштиктүү иш жүргүзүлүп жатат. Кылмыш иш жакын арада ачылыш керек.

7-июлга караган түнү ичине ок жеген Шон Дейли Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна жеткирилген. Операциядан кийин ахывалы оор бейтаптын үстүнө эч ким киргизилбей, милиция кызматкерлеринин бекем кайтаруусунда турат. Борбордун жетекчи орунбасары Асанбек Садыгалиевдин айтуусунда, Шон Дейли жакын арада сакайып кетиши мүмкүн.

- Ок атылып келинген. Бир гана ок атылган. Бөйрөгү кан тамыры менен жарылып кеткен. Анан эми операцияда бөйрөгүн алууга туура келди. Себеби аны тигүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Айла кеткенде бөйрөктү алабыз. Кан агуусу абдан көп болгон. А бирок, Кудайга шүгүр, колдон келген чаранын баарын көрдүк. Наркоздон жакшы эле чыкты. Азыр эми ал-ахывалы оор эле болот. Бирок, тиккен жерден кан кеткен жок. Жакшы эле болот деп ойлойбуз,- дейт Асанбек Садыгалиев.

Шон Дейли кыргызстандыктарга “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча британиялык “Oxys Gold” компаниясына лицензияны кайтарып берүү аракетин абыдан жасап келаткан ишкер катары белгилүү. Анын компаниянын атынан кыргыз өкмөтү менен британиялык компаниянын келишимин кайрадан карап чыгуу, атүгүл Кыргызстандын алтын кендеги үлүшүн 33 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүү, Талас облусуна социалдык колдоо иретинде 3 миллион доллар акча бөлүүгө макул экенин байма-бай жарыя кылган да жайы бар.

Башында илең-салаң иштеп келаткан “Oxys Gold” компаниясынан 2004-жылы кыргыз өкмөтү “Жерүй” алтын кени боюнча лицензиясын кайтарып алган.

2005-жылы Кыргызстанда бийлик жаңылангандан кийин лицензиясын кайтарып алуу аракетин жасап келаткан “Oxys Gold” компаниясынын Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргогон Шон Дейли мырза Бишкекте ишкердикти баштоо, ага укуктук көмөк көрсөтүү боюнча “ЕDI Ltd.” компаниясынын да жетекчиси.

“Жерүй” алтын кенине байланышкан чиеленген маселенин аягы көрүнө элек чакта четэлдик ишкерди үйүнө келаткан жеринен белгисиз бирөөлөрдүн атып кетиши биртоп божомол-жоромолду жаратпай койбойт.

“Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн австриялык “Глобал Голд” компаниясы менен келишим түзүү тууралуу өкмөттүн токтомун ушул жылдын 29-майында парламент жокко чыгарган. Эл өкүлдөрү 74 тонна алтын запасы бардыгы аныкталган “Кумтөрдөн” кийинки ири кенди ачык тендерге коюп, келишимди мыйзам негизинде утуп алган компанияга берүүнү талап кылууда. Британиялык “Oxys Gold” компаниясы лицензиясын кайтарып берсе жарым жыл ичинде алтын кенди казууга кирише тургандыгын жарыя айтып чыккан.

Британиялык компаниянын өкүлүнө каршы атылган ок Кыргызстандагы криминалдык жагдай абыдан кооптуу экенинен кабар берет. Шон Дейлиге ким ок атканы, анын артында кимдер турганы жакын арада табылбаса жаңы бийликтин чама-чаркы чакталуу, криминалдын үстөмү күчтүү экени дүйнө алдында дагы бир ирет ачыкка чыгары турулуу иш.

XS
SM
MD
LG