Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Ош шаарынын тургундары эки күндөн бери таза суусуз жашап жатышат


ОШ. Шаар тургундары эки күндөн бери таза суусуз калышты. Шаардын дээрлик бардык райондорунда таза суу түтүктөрүнөн суу чыкпай шаар тургундары алыскы аралыктан автоунаалар менен булак сууларын ташып келип иче башташты. Ош шаарынын мэринин биринчи орунбасары Арфедин Аланов шаарга таза суу бөлүштүрүүчү суу топтоо дарбазасында болгон техникалык авариядан улам, элге таза суу берүү үзгүлтүккө учурагандыгын билдирүү менен учурда оңдоо калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Шаар тургундары өзгөчө кырдаалдарда суу менен камсыздоону жолго кое албагандыгы үчүн жергиликтүү бийликти айыптап жатышат.

Кубанычбек Жолдошев

XS
SM
MD
LG