Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Америка университети Билим берүү министрлигинин чечимине макул эмес


БИШКЕК. Борбор Азиядагы америка университети Билим берүү министрлиги мыйзамсыз кадамга барып жаткандыгын далилдөө үчүн мыйзам жол берген бардык аракеттерди жасайт. Университеттин юридика бөлүмүнүн башчысы Элида Ногойбаева ушундай билдирүү жасады. Министрликтин апта башында өткөргөн коллегиясында башка бир катар ЖОЖдордун катарында Америка Университетинин юридика бөлүмүндөгү окутуу билим берүүнүн мамлекеттик талаптарына жооп бербейт деген бүтүм чыгарган. Аталган бөлүмдө сексенден ашык студент окуйт. Ал негизделген акыркы беш жылдан бери жетимиш беш адис даярдалган.

Бурулкан Сарыгулова

XS
SM
MD
LG