Бүгүн Бишкекте Кыргызстан сотторунун кезектеги бешинчи курултайы өтүп жатат. Анда сот адилеттигинин айрым маселелери, сот системасын реформалоонун оош-кыйыштары талкууланууда. Бул маселелер күн тартибине конституциялык реформанын алкагында чыгарылууда. Соттордун курултайына президент Курманбек Бакиев да катышып сөз сүйлөдү. Курултайдын иши тууралуу кийинки маалыматтарыбызда кененирээк кеп кылабыз.