Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

Президент К. Бакиев сот системасын реформалоого он бир кадамды сунуш кылды


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт үйүндө Кыргызстан сотторунун бешинчи курултайы болду. Ага сот органдарынын жетекчилиги жана жалпысынан 300 чукул судьялар катышты. Курултайда сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев сот системасын реформалоо үчүн 11 кадамдан турган план сунуштады. Анда соттордун өз бюджетин өздөрү түзүүсүнө жетишүү, алардын көз карандысыздыгын арттыруу, судьяларды өмүр бою иштөөгө дайындоо, же шайлоо, камакка алууга уруксатты сот аркылуу берүүгө жетишүү сыяктуу сунуштар бар. Резолюция кабыл алуу менен курултай ушул күнү соңуна чыкты.

XS
SM
MD
LG