Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

БАЙЫРКЫ АДАМДАР МОДАГА КЫЗЫКЧУБУ? КӨК ЧАЙ КУШ ТУМООСУНАН АЙЫКТЫРАТ...


Азыркы адамдар модага абдан көп көңүл бурушат. Ал эми мындан 100 миң жыл илгери жашап өткөндөрчү? Окумуштуулар Израиль жана Алжирде чогултулган музей коллекцияларын изилдеп, кабыктан жасалган шуру таап алышты.

Эң байыркы зергердик буюм адам баласы башынан эле абстракттуу ой жүгүртүүгө кудуреттүү болгонунан кабар берет. Себеби, шуру, билерик жана башка жасалгаларды тагынуу символикалык мааниге ээ. Аларды колдонуу буга чейин айтылып жүргөндөй, адам баласы Африканы таштап, Европага көчүп келгенде гана өнүккөн. Бирок, жаңы табылган буюмдар байыркы ата-бабаларыбыз биз ойлогондон акылдуурак болгонун далилдейт.

Антарктиканын уникалдуу экосистемасы коркунучка кабылды. Бул жөнүндө жакында Шотландиянын Эдинбург шаарында өткөн жолугушууда сөз болду. Материктин дүйнөнүн калган бөлүгүнөн алыс жайгашышы, суук климаты аймакты сырттан келген жаңы жандыктардан жакшы коргойт деп эсептелчү. Бирок, туристтер, изилдөөчүлөр Антарктикага көп каттап калышты, ага кошумча аба ырайынын глобалдуу ысышы да күчөп, материк жаңы коркунучтарга туш боло баштады.

Жакында Антарктика жарым аралынын сууларында деңиз жөргөмүштөрү табылды. Алар адатта Түндүк Атлантиканы байырлашат.

- Антарктиканын экосистемасында деңиз жөргөмүштөрү жок. Бул жаңы бир көрүнүш. Биз азырынча алардын көбөйүп же көбөйбөгөндүгүн билбейбиз. Бирок, алардын табылышы тынчсыздануу жаратпай койбойт - дейт Британиянын Антарктиканы изилдөө борборунун өкүлү, доктор Жон Шиерс.

Антарктикага келген кемелерге башка океандардан алган сууну ал жакка төкпөөгө көрсөтмө берилди. Былтыр материкке 26 миңден ашуун турист келип кеткен. Эмки жылдан тартып атайын саякатчылар үчүн жазылган кодекс күчүнө киргизилмекчи.

Адамдарды куш тумоосунан дарылоо үчүн ар кандай дары-дармектер, ыкмалар изилденип жатат. Алардын катарында анардын ширеси жана көк чайдын да пайдасы сыноодон өтүп жатат. Парижде өткөн илимий конференцияга чогулган дарыгерлер белгилешкендей, тумоого каршы вакцина табылгычакты дагы 10 жылдан кем эмес убакыт өтөт.

Азырынча Тамифлу жана Реленца деген препараттар эң натыйжалуу деп эсептелүүдө. Бирок, бул дарылар өзгөчө өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жетишпейт. Андыктан илимпоздор дарттан айыктырган альтернативдүү жолдорду издеп жатышат.

Лабораториялык изилдөөлөр көргөзгөндөй, анардын ширеси жана көк чай вирусту жеңүүгө жардамы тийчүдөй. Бирок окумуштуулар азырынча аларды кандай дозада ичиш керектигин айта алышпайт.
XS
SM
MD
LG