Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Курманбек Бакиев: «Сот системасындагы коррупция өткөн жылдардын оор мурасы»


БИШКЕК. Өткөн жылы соттун бардык тепкичтеринде 1240 кылмыш иши каралып, алардын 541и кароодон алынып салынган. Ал эми 960 жарандык иштин 297си алынып салынган. Соттордун бешинчи курултайында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев ушундай мисал келтирип, муну соттордун чабалдыгынын бир көрүнүшү катары белгиледи. Бакиев сотторду дайындоодо кесиптик деңгээлге өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Сот системасындагы коррупцияны өткөн жылдардын оор мурасы деп эсептеди. Соттордун бешинчи курултайы кечээ өкмөт үйүндө өтүп, анда «Соттордун абийир кодекси» кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG