Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:58

ИТАЛИЯ – ФУТБОЛ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОН


Төрөкул Дооров, Прага Италия футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишти колго алды. Кечээ кечинде Франция менен Италиянын тандалма командаларынын оюнунун жыйынтыгы негизги жана кошумча убактарда 1:1 эсебинде эле калган. Бирок кийин пенальти учурунда Италия алдыга суурулуп чыкты.

Оюн 5:3 эсеби менен бүттү. Буга чейин дүйнөлүк футбол чемпионатында 1934, 1938 жана 1982-жылдары утушка ээ болгон Италия быйыл да жеңишти колго алды.

Франция менен оюндун жыйынтыгы 1:1 эсебинде эле бүткөндүктөн, жеңүүчүнү аныктоо үчүн пенальти керек болду. Италиянын бешинчи жолку акыркы тобун Фабио Гроссо француздардын дарбазаcына киргизгенде, Рим шаарына чогулган миллиондогон күйөрмандар сүйүнүчүн токтото албай жатышты.

Оюндун негизги мезгили бүтүп, кошумча убакытта мелдеш уланып жатканда, Франциянын жылдызы Зинадин Зидан италиялык футболист Марко Матерацци менен кыйчыңдаша кетип, Матераццини көкүрөгүнө башы менен сүзүп кирди. Натыйжада Зиданга кызыл карточка берилип, аянттан кетүүгө туура келди. Бул франциялык команданын, анан Зидандын өзүнүн демин түшүрүп койгонсуду.

Ошентип, быйылкы жылдын чемпиону – Италия. Дүйнөлүк футбол чемпионатында бул өлкөнүн тандалма командасы 1996-жылы француздарга утулганы белгилүү. Ошентсе да, алар футбол тарыхта 18 жолу өткөн Дүйнөлңүк футбол чемпионатында 4 жолу чемпион болушту. Бир гана Бразилия азырынча алардан алдыда келатат (Бразилия беш ирет дүйнөлүк чемпион наамын алганы бар).

Бул жолку чемпионат көптөр үчүн маанилүү болду. Франциянын көзгө басар футболисти Зинадин Зидан ушул чемпионаттан кийин профессионалдык футболдон кеткени жатат. Ал эми Италиянын командасынын капитанынын милдетин аткарып жаткан Фабио Каннаваро үчүн бул жолку оюн дал ушул капитандык кызматтагы 100-оюну болду.

Быйылкы дүйнөлүк масштбдагы мелдештер Германияда өттү. Чемпионаттын эң кызыктуу фактыларынын бири – дүйнөлүк футбол биринчилигинин тарыхында быйыл гана бир да футболист бир оюндун убагында 3 голду катары менен атаандашынын дарбазасына киргизе алган жок. Андыктан көпчүлүк быйылкы оюндар дарбазага карай багыттын эмес, тактиканын чемпионаты болду дешет.
XS
SM
MD
LG