Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: ОН МИҢ КЫРГЫЗСТАНДЫК КОРЕЯДАН ИШТЕГИСИ КЕЛЕТ


Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Түштүк Корея тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча 10-июлда Сеулга кетти.Cапардын максаты-эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, гуманитардык маселелер боюнча мамилелерди чыңдоо экенин министр «Азаттыкка» сапар алдында берген интервьюсунда баcа белгиледи.

- Урматтуу Аликбек мырза, сиз Түштүк Кореяга иш сапаргы чыгып аткан экенсиз. Сапардын максаты тууралуу айтып берсеңиз.

- Түштүк Корея дүйнө жүзүндөгү өнүккөн, саясий-экономикалык, гуманитардык жактан абдан активдүү мамлекет. Ошон үчүн Түштүк Корея менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерди чыңдоого аракеттерин жасап атабыз. Түштүк Кореянын тышкы иштер жана соода министри мени атайы чакырган. Эң биринчи биздин максат - экөөбүз жолугуп, ушу эки өлкөнүн саясий, экономикалык, гуманитардык маселелер боюнча мамилелерин кантип чыңдайбыз, кандай кызматташабыз деген маселелерди талкуулаганы жатабыз.

Анан эмгек министрлигине барам. Өзүңөр билесиңер мыйзамсыз мигранттар бар ал өлкөдө. Ошол маселени көтөрүп, биз квота сурайлы деп атабыз. Андан тышкары мына жаңы бийлик келгенден бери биздин карым-катышыбыз бири-бирибизди сынаган өңдүү болуп, жакшы жөнгө салына элек, ошого жол ачуу аракети болууда. Буюрса, келерки жылы биздин президентибиз Курманбек Бакиев Түштүк Кореяга визит менен барганы турат.

Бул өлкө Борбор Азияда: Казакстанда, Өзбекстанда экономикалык жактан абдан активдүү иштөөдө. Бизге дагы ушундай көңүл бурабыз, экономикалык кызматташтыкты бекемдейбиз деген пикирлерди айтып атышат.

Сапар учурунда үч келишимге кол коебуз. Биринчиси - аба жолдору боюнча келишим. Аны жарым жылдан бери дипломаттар менен эксперттер, Кыргызстан аба жолдорунун кызматкерлери иштеп аткан. Негизинен макулдашып бүттү. Экинчиси – туризм боюнча. Мындан тышкары тышкы иштер министрлеринин ортосундагы чогуу иштешүүгө аракеттер боюнча программаны бекитебиз.

- Түштүк Корея менен Кыргызстан ортосундагы саясий, гуманитардык, экономикалык кызматташтыктын буга чейинки деңгээли кандай эле? Ушуга баа берип кое аласызбы?

- Деңгээли жаман эле деп айтууга болбойт. Бирок, өнүкпөй калган да. Ошондуктан, ушундай аракет кылып жатабыз.

- Сиз өзүңүз да белгилей кеттиңиз, Түштүк Кореяга мыйзамсыз мигранттар көп кетип атат. Квота сурайбыз деп атпайсызбы. Анын чен-өлчөмү канча болот?

- Азыр айтыш эртелик кылат. Мисалы, Казакстанга беш миң квота бериптир. Мага түшкөн маалыматка караганда, Өзбекстанга да үч миңдей бериптир. Биз дагы ошонун тегерегинде же андан көбүрөөк сурайбыз го. Эми сүйлөшүүлөргө жараша байкап көрөбүз. Бизде, мисалы, он миңге жакын жаран ошол жакка барып иштесек деген муктаждык бар экен. Кээ бир жарандар бизге кайрылышты. Президент дагы ушундай тапшырма берди. Бул маселени барып сүйлөшүп, чечпесек да, алдыга жылдырганга аракет кылабыз. Анткени, Азиядагы ишеним чаралары боюнча Алматыда өткөн жыйынга Түштүк Корея мүчө болбоду беле, ошо кезде эле тышкы иштер жана соода министри менен сүйлөшкөнбүз бул маселе боюнча. Ошон үчүн биз жакшы ой менен баратабыз, буюрса чечилет го деп.

- Жакшы, ийгилик болсун. Анан расмий сапарга чыгаардын алдында Кореяда мыйзамсыз канча мигрант бар экенин так тап көрдүңүзбү?

- Мага эки жарым миңге жакын кыргыз ошол жакта иштеп атат деп айтышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG