9-июлда кечке жуук МАИ кызматкерлери Д1833S мамлекеттик номерлүү ДЭУ-Тико автоунаасын Жалалабат шаарынын Ленин жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишинде токтоткон мезгилде, андан чыккан эки адам милициянын кызматкери Мамасадык Турсунбаевди атып салышкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө башталган. 10-июлда эрте менен Жалалабаддын чет жакаларын тинтүү учурунда куралчан үч адам каршылык көрсөтүп, үч милиция кызматкерин жарадар кылган. Учурда кылмышкерлерди издөө жана жок кылуу боюнча операция уланууда.
Операцияны ички иштер министринин орун басары Темирбек Субанов жетектөөдө. Бул тууралуу ички иштер министинин жардамчысы Аида Бакирова билдирди.
Операцияны ички иштер министринин орун басары Темирбек Субанов жетектөөдө. Бул тууралуу ички иштер министинин жардамчысы Аида Бакирова билдирди.