Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ: ИТАЛИЯ-ЧЕМПИОН


Футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулары да соңуна чыкты. Ошентип бир ай бою футбол кереметине дүйнө калкы күбө болду. Кечээ, 9-июлда кечинде Германияда дүйнөлүк чемпионаттын финалдык таймашуусунда Франция менен Италия өлкөлөрүнүн командалары беттешип, италиялыктар баш байгени төртүнчү ирет жеңип алышты. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык айрым күйөрмандар да назар салышып, кечээ франциялыктар утулганына кабатыр болушса, айрымдары италиялыктар мыкты ойноп, татыктуу жеңди дешүүдө.

Германиядагы футбол боюнча 18-дүйнө чемпионатына 32 өлкөнүн командасы катышып, мыктылары иргелип олтуруп, 64 беттешүү болду. Быйылкы дүйнө чемпионаты күтүлбөгөн жаңылыктарга бай болгонун, мыкты делген Бразилия, Германия, Англия, Португалия командалары баш байгеге илинбей калганын, айрыкча Африка өлкөлөрүнүн футболдук деңгээли өсүп баратканын «Кыргыз туусу» гезитинин редакторунун орун басары Мырзакат Тыналиев белгиледи.

Футбол боюнча 18-дүйнө чемпионатында баш байгесин кечээ италиялыктар жекеме- жеке топ тебүүдө жеңип алышты. Эки команда тең мыкты оюн көрсөткөнү менен италиялыктар артыкчылык кылганын, франциянын капитаны Зинедин Зидан орой ойноп, оюндан чыгып калганын казак футбол күйөрманы Назарбек Байжигитов билдирди.

Ошондой эле айрым күйөрмандар италиялык футболчулардын жылдызы жанып турганын, чемпиондук наамды кайрадан төртүнчү ирет жеңип алуусуна спорттук ийгилик кошумча болгонун айтышты.

Франциянын оюнуна да көңүл толбоду дешет айрым күйөрмандар. Италия өлкөсү дүйнө кубогун төртүнчү ирет жеңип алуу менен футболдук держава экенин айгинеледи. Европа өлкөлөрүндө футбол жаңы деңгээлге көтөрүлүп, жамааттык оюндар натыйжа бергенин Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын футбол боюнча улук машыктыруучусу Чынарбек Бейшенбеков белгиледи.

- Италия кайрадан төртүнчү ирет чемпиондугун сактап калууга аракет кылды, алар коллективдүү оюн көрсөттү. Франция финалда аларга утулуп, экинчи болуп калышты. Жарк этип көрүнгөн, өзгөчө айырмаланган оюнчулар көрүнбөдү.

Бомбардирлердин сабын германиялык чабуулчу Мирослав Клозе 5 топ менен баштап келди. Ал дүйнө чемпионатынын мыкты оюнчусу аталды.

Германияда дүйнөлүк кубоктун финалдык беттешүүсүнүн деңгээли кандай болду?
Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти.

Акмат: - Финалга Италия менен Франция мыкты оюн көрсөтүштү. Италиялыктар намысты алдырбоого аракет кылышты.

Кубат : -Бул жолу да италиялыктар баш байгени төртүнчү ирет жеңип алаарына ишенгем, үмүтүм акталды. Уйкусуз түндөр артта калды. Футбол менен ооруп калганбыз, күйөрман болуп.

Дүйнөлүк футбол чемпионатынын жарым финалдык беттешүүлөрүн, оюндарын Германияга барып көрүп келген Бишкек шаардык кеңештин депутаты Аманбай Кайыпов оюндардын деңгээли өз пикирин айтты.

- Футбол чемпионатын Германиянын өзүнө барып көрүп, күбөө болуп келдик. Бул оюн эң таасирдүү керемет күчкө айланып, дүйнө жүзүн арбап алды. Италиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, үлгү болушту. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрдүм. Кыргызстандан Германияга өтө эле аз күйөрман барды. Башка өлкөлөрдөн өтө арбын күйөрмандар барышты. Кыргызстанга бөлүнгөн билеттер башка өлкөлөргө сатылып кетиптир.

Учурда футболдун деңгээли өскөнүн жана Азия өлкөлөрү футболго көңүл буруусу керектигин Германияга барып дүйнө кубогунун беттешүүлөрүн көрүп келген “Шер-” футбол клубунун президенти Айбек Осмоналиев белгиледи.

-Айрыкча Африка өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Алар чеберчилиги боюнча европалыктарга тенелип калганын чемпионаттын оюндары көрсөттү. Мен өзүм Португалияга күйөрман болгом. Бирок буйрук экен италиялыктар чемпион болуп калышты. Алар Германияны утушканда эле, чемпиондукка татыктуу деп ойлогом. Чындап кызык оюндар болду, өтө зор таасир алып келдик.

Эми 19-дүйнө чемпионаты 2010 - жылы Түштүк Африка Республикасында өткөрүлмөкчү. Италия өлкөсү футболдук жеңишин зор салтанат менен белгилеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG