Сицилиядан Миланга чейин, Италиянын бардык шаар-кыштактарында түнү бою футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишти асманга чачма от аттырып, өз мекенин даңазалаган ырларды жаңырта майрамдап чыгышты. Финалдык беттешүүнүн негизги жана кошумча убактысын 1-1 эсебинде аяктаган соң, пенальтиде француздар бир топту жаза тээп, дүйнөлүк чемпион наамын италиялыктарга карматышты.
2 сааттан ашык убакытка созулган татаал таймаштагы жеңиштин кумарына баткан миңдеген италиялыктар Рим жана башка шаарлардагы атактуу фонтандарга улуттук байрагын көтөргөн бойдон секирип жатышты. Байкоочулар ушу тапта жаңжалдуу иштери сотто каралып жаткан Италиянын алдыңкы футболдук клубдарынын тагдыры дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиштен улам жеңилдеши мүмкүн деп болжоп жатышат.
Финалдык таймашта уттуруп, күмүш медал тагынган Францияда баарынан да элдик баатырга айланган футболчу, улуттук команданын капитаны Зинедин Зидандын жоругу кызуу талданып жаткан чак. Теги Алжирдик капитан италиялык футболчу Матерацци менен кер-мур айтыша кетип, кызуу кандуулукка алдырып, кайрыла басып барып, аны башы менен көкүрөккө сүзүп буттан жыкты. Матерацци Зиданга кандай сөздөр айтып, канын кайнатканы азырынча табышмак. Бирок Франциянын намысын талашып, 108 эл аралык таймашта 31 гол киргизип, “улуу Зизо” атка конгон Зидан чоң спорттогу карьерасын ушундай жорук менен аяктаганы элдин баарынын эсинде калгыдай болду. Эмнеси болсо да, азыркы футболдун легендасына айланган Зидандын артыкча таланты спорт журналисттери тарабынан өз баасын алып, ал быйылкы Дүйнөлүк чемпионаттын эң мыкты оюнчусу аталып, Эл аралык федерациянын башкы сыйлыгы – “Алтын топту” алды.
“Биз баарыбыз чоңоебуз, бирок баары бир Зидандын балдары бойдон кала беребиз. Зидан – биздин кумирибиз, футболдун атасы, ага бардык жакшылыктар гана каалайбыз”, - дейт анын кичи мекени Марселде көчөдө чогулган күйөрмандардын бири. Франциянын башкалаасында жергиликтүү фанаттар менен италиялык күйөрмандар кагылыша кетип, аягында полиция кийлигишип токтоткону кабарланууда.
Жекшембиде аяктаган дүйнөлүк фубол мелдеши ошентип, 1 ай бою эл аралык башкы темалардын бири болуп турду. Дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөргөн Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт да бул теманы кыйгап өтө албады.
- Мени айрыкча Италиялык футболчулардын пенальтиде топту дарбазага таамай тепкени таң калтырды. Италиялыктар бул жагынан чоң секирик жасаган экен. Бирок андан да таң калтырган нерсе – Зинедин Зидандын башы топту эмес, Матерацинин көкүрөгүн сүзгөнү болду окшойт. Бул оюндун кайгылуу учуру болуп калды, - деп комментарийледи Ольмерт.
Франциянын президенти дүйшөмбүдө улуттук команданын мүчөлөрүн кабыл алып, алардын өз мекени үчүн намыс талашып, мыкты чеберчилик көрсөткөнүн даңазалады. Финалдык оюнду Берлиндеги стадиондо көрүп отурган Ширак таймаш аяктаар замат, аны менен катар отурган Италиянын президентин кол кыса куттуктады. Эл аралык басылмалар оюндардын коопсуздугун жана башка бардык муктаждыктарын мыкты уюштурду деп Германияга ыраазычылыгын билдирүүдө.