Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

11-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1867-жылдын бу күнү Түркстан областы Түркстан генерал-губернатордугу болуп өзгөртүлүп, мындан тышкаары Түркстан аскер округу уюшулган. 1914-жылдын 11-июлунда Б. Каганга Пржевальск шаарында китеп менен соода кылууга уруксат берилген.

1867-жылдын бу күнү Түркстан областы Түркстан генерал-губернатордугу болуп өзгөртүлүп, мындан тышкары Түркстан аскер округу уюшулган. Кыргызстандын түндүк аймагы жаңы курулган аскер, административдик бирдиктерге кошулган. Административдик реформага ылайык түндүк Кыргызстанда жергиликтүү башкаруу бийлик фунциялары учур талабы боюнча өзгөртүлгөн.

1892-жылдын 11-июлунда полковник Ионов бир рота казак-орустарды жана 2 замбирек алып Аличур суусунан аттанып, Бузул капчыгайына келген. Өргүүдө урган полковник Ионовдун отрядына аличурдук кыргыздар келишип, алар афган бийлигине нааразылык билдиришкен. Ошондой эле, алар орус бийлигине афгандыктардын кысымчылыгынан коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

1914-жылы Каган аттуу соодагер адам Жетисуу аскер губернаторуна Пржевальск шаарында жергиликтүү окуу жайлар үчүн окуу китептери менен соода кылчу китеп дүкөнүн ачуу сунушу менен кайрылган. Соодагердин өмүр баяны Жетисуу администрациясы тарабынан кылдат иликтенип, акыры ар бир соода түйүнүнөн жергиликтүү бийликке киреше түшөөрү эске алынып, 1914-жылдын 11-июлунда Б. Каганга китеп менен соода кылууга уруксат берилген.

1919-жылдын бу күнү II Пишпек уезддик партиялык съезди ишин аяктады. Курултайда аймакта орун алган ачкачылык, контрреволюциячыл күчтөрдүн каршылыгын жоюу сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

1920-жылдын бу күнү Пржевальск уездик Кеңешинин V съезди ишин баштады.
1921-жылдын бу күнү Ош уездинин III партиялык съезди салтанаттуу ачылды.
1939-жылдын 11-июлунан тарта борбор шаардын калкты тейлөө пунктарынын жаңы иш графиги бекитилген. Фрунзе шаардык кеңешинин чечимине ылайык борбордун ресторандары таңкы саат 8ден-түнкү 2ге чейин, дүкөн жана аптекалар таңкы саат 8ден-түнкү 12ге чейин иштемек болду.

Бу күнү, БУУ тарабынан Бүткүлдүйнөлүк калк жайгашуу күнү белгиленип, 1700-жылы Германия Илим Академиясы негизделип, 1921-жылы Монголияда элдик бийлик орноп, 1903-жылы совет чалгынчысы Рудольф Абель, 1934-жылы италиялык кутюре Жоржио Армани жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG