Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

«САКАЛЧАН ЖИГИТ МЕНИ ЖЕҢИ КЫСКА КӨЙНӨК КИЕСИҢ ДЕП ЖЕМЕЛЕДИ»


Кыргыз кыздары башка динге өтүп кеткен учурлар аз эмес. Кыздардын чет элдиктерге турмушка чыгып кетип жатышканына нааразы болуп, генофонд бузулуп жатат деп айгай салгандар да чыгууда. Ошол эле убакта акыл калчап көрсөк, секулярдуу Кыргызстанда улам күч алып жаткан ислам дининен чочулоо кыздарды ушундай кадамдарга түртүп жатпасын?



Гүлзатка мен Австриянын түндүгүндөгү Пайгартен деген айылда жолугуп калдым. Гүлзат - бою чыканактай болгону менен ак жуумал, кишиге жугумдуу. Конок ээлери анын немисче эне тилиндей шар сүйлөгөнүнө таң беришти. Орду менен сүйлөгөн тиригарак кыз өзүнөн улуу адамдардын көңүлүндөгүсүн таап, тамашалашканга да маш экен.

Гүлзат Закирбек кызы австриялык үй-бүлөдө эки баланы багат, күнүгө жети сааттан иштейт, бош убактысында немис тил курсуна барат. Бул программаны интернеттен эле өзү таап алып, келген экен. "Буюрса макулдаштылган тогуз ай да бүтүп калды, жакында Бишкекке кайтып барам, чет элдик консулаттардын бирине ишке алышат" деп айтты.

Сөздөн сөз чыгып отуруп, Кыргызстанда ислам күчөп атат, шарият мыйзамы орносо кантесиң деп тамаша-чыны аралаш сурап калдым. Аны бушайман кылган теманы козгогонумду билген эмесмин, Гүлзаттын кабагы бүркөлө түштү. Азаттыктын жаштар программасына сүйлөп бер десем, "Кыргызстандагы жаштардын абалына кандай карайсыз" деген суроо берчи деп сурап калды. Эмнеге болбосун дедим.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстандагы жаштарга карата көз карашың кандай?

Гүлзат Закирбек кызы : Негизинен жакшы эле, бирок акыркы убакта көп жаштардын ислам динине берилип кеткени, эркектердин ой жүгүткөнү капа кылат.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстан секулярдуу мамлекет, башкача айтканда дин мамлекеттин ишине кийлигишпейт. Ошол эле учурда жакында атуулдук коомдун өкүлдөрү акыйкатчыны бойдон алдыруу маселесинде динаятчылар менен кеңешет деп күнөөлөштү. Ал эми мындан бир нече жыл мурда Кыргызстандын ошол кездеги башкы муфтии шайлоодо эркектерди колдогула деп үгүттөгөнү үчүн борборшайлоокомдон эскертүү алганы бар. Дин тутуу эркиндиги конституцияда жазылган, башка динге өткөн кыргыздар аз эмес, ошого карабастан башка диндин өкүлдөрү өздөрүнө бөлүнгөн жайда да коркок-билиш болуп, табынышат, ал эми дааватчылар үймө-үй кыдырып, исламга үгүттөп жүрүшөт. Айтор дин аркылуу жеке адамдардын турмушуна кийлигишүү улам күчөп бараткан сыяктанат. Гүлзат да муну өз башынан өткөрүптүр:

Гүлзат Закирбек кызы : Бишкекте иштеп жүргөндө бир бала менен таанышып калдым. 26 жашта, сакал коюп алган, башына топу кийип алган. Сүйлөгөн сөзүнүн баары эле "сен деген эмне жеңиң кыска, колуң көрүнүп жүрөт, бул деген күнөө" дейт. Сыртта 40 градус ысык. "Ислам динине бул жарабайт, бейишке барбайсыңар, тозокко түшөсүңөр, мындай жүрбөшүңөр керек, мындай баспашыңар керек" деп мени менен урушту. Бул деген дискриминация эмеспи!

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда бардык жерде ислам күч алып жатпайбы, анан эмне кыласың, качып кетесиңби Кыргызстандан?

Гүлзат Закирбек кызы : Жок качып кетпейм, жаштардын баары эле антип кеткен жок да, бирок муну капалуу көрүнүш деп ойлойм. Кыздар да өз эркиндигине баш тартышып, баштарынан ылдый жагына чейин жоолук кийинип алышкан. Бир жолу остановкада турсам бир машина келип токтоду. Аялы менен күйөөсү көрүнүп турат. Аялы чүмбөттөнүп алган. Аялы чуркап чыгып, базардан шишедеги сууну алып келип, ачып, өзү ууртабастан күйөөсүнө берди. Күйөөсү болсо машинадан да түшкөн жок. Мен ушундай мамилелерди түшүнбөйм.

Жаңыл Жусубжан: Эгер бизде чындыгында да мусулман өлкөлөрүндөгүдөй болсо, балким аялы машинеде отурмак, күйөөсү чуркап барып, суу алып келмек. Ислам ушул жагынан жакшыдыр?

Гүлзат Закирбек кызы : Билбейм, мен андайды көрө элекмин.

Жаңыл Жусубжан: Сен Европадагы аялдар менен эркектердин тең мамилесин көрүп калгандан кийин кыргыз жигиттери менен сүйлөшүш кыйын болуп калат го?


Гүлзат Закирбек кызы : Кыйын деле болбойт. Эгер билимдүү, эл көргөн, жер көргөн жигит болсо, мен качпайт элем.

Жаңыл Жусубжан:Албетте, Европада Гүлзатты жашсынтып, же ары баспай бери бас, аны кийбей муну кий деп акыл айтуу эч кимдин оюна келбейт. Эгер Гүлзат алыста жүрүп, анын баркын билип, ардактай алган жигитке арзып калса, Алатоонун эркин өскөн кызынын бактысына ким бөгөт боло алат?!
XS
SM
MD
LG