Гаагадагы аскер кылмыштары боюнча эл аралык трибуналда Сербиянын мурдагы алты жетекчисинин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча сот жараяны башталды. Сербиянын экс-президенти Милан Милутиновичке жана башка беш адамга 1990-жылдардын аягында Косоводогу жүздөгөн албандыктардын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген күнөө коюлууда.