Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ ТУУРАЛУУ ЖАЗЫЛГАН КИТЕП ЧЫКТЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек 2005-жылдагы Кыргызстандагы адам укугу боюнча жазылган китептин бет ачары болду. Акыйкатчы институтунун демилгеси менен жарык көргөн бул китепти чыгарууга адам укуктары боюнча Дания институту көмөк көрсөткөн. Жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн баамында, өлкөдө атуулдар өз укуктарын билишпей укук коргоо органдары тарабынан жабыркаган учурлар көп кездешет. Жогорудагы китептин чыгарылышы атуулдардын өз укуктарын билүүсүнө өбөлгө болот.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, 2005-жылы бийлик алмашуу, жер басып алуу, парламенттик жана президенттик шайлоо сыяктуу жана башка саясий окуяларга бай болгондуктан адам укуктары боюнча жылыга бир жолу чыгуучу китепте негизинен былтыркы жылдагы адам укуктарынын бузулушу камтылган. Аталган китепте жеке адам укуктарынан баштап, эл аралык адам укуктарынын механизми чагылдырылып, ар бир атуулдун өз укугун коргоо маселесине багытталган.

-Бул адам укугунун маданиятын көтөрүү, адамдардын укугун билүү аң сезимин көтөрүү максатын көздөйт. Жарандар эч болбосо өз укуктарын билүүсү керек. Дагы бир өзгөчөлүгү бул китепти жазууда мамлекеттик органдардан тышкары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн каалоочулар автордук топко киришти. Ар бир өз көз караштарын билдиришти. Жалаң эле сөз түрүндө болбосун деп фактыларды да коштук,-деди акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу.

Аталган китепте жазылган адам укуктарынын бузулган фактыларына Акыйкатчы институту өзүнүн комментарийин берген. Мисалы, Балыкчы шаарынан 10 адамды бирөөлөр ишке орноштурабыз деп алдап Казакстанга сатып жибергендиги тууралуу алар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганда, жергиликтүү тартип коргоо кызматы белгисиз бир себептер менен алардын арызын кароодон баш тарткан. Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнүн негизинде жогорудагы маселе боюнча Ысыккөл облустук прокуратурасы өткөн жылы августта кылмыш ишин козгогон.

2005-жылы Кыргызстандагы адам укугу боюнча жылдык китепте өткөн жылы 24-мартта талап тоноолордон жабыр тарткан ишкерлердин, Анжиян окуясынан Кыргызстанга качып келишкен өзбекстандык атуулдардын укуктары жөнүндө чагылдырылган. Президенттик жана Жогорку Кеңешке, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына шайлоодогу мыйзам бузуулар камтылган. Китепте атуулдардын билим алуудагы жана саламаттык сактоодогу укугу, балдардын укугу, улуттук азчылыктардын укугу кенен жазылып, алар Акыйкатчы институтунун коментарийлери менен толукталган.

Кыргызстандагы адам укуктары боюнча китепти чыгарууга мамлекеттик бюджеттен каражат жумшалган эмес. Аны чыгарууга адам укуктары боюнча Дания институту көмөк көрсөткөн. Дат инсититунун юристи Даце Кавасанын айтымында, юристтерден, жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн турган автордук топ жалпак тил менен аталган китепти карапайым калкка түшүнүктүү кылып жазышкан. Кыргызстандагы адам укуктары боюнча келерки жылы да китеп чыгарууга Дания тарап жардам берүүсү күтүлүүдө.

Аталган китепти жазууда теориядан тышкары практикалык жактан фактылардын негизинде элге түшүнүктүү кылып жазууда кыйынчылыктар болду, дейт автордук топтун мүчөсү Гүльниза Кожомова:

-Азыркы учурдагы сот системасы, адвокаттар, прокуратуранын иштери тууралуу толук маалымат бердик. Атуулдардын укук коргоо органдарына күнү түшсө кандай болуусу керек? Укугун кандайча коргоосу керек? Ушул тууралуу да ачык чагылдырдык. Өлкөнүн карапайым калкы бул китепти окуганда эле түшүнүктүү болсун үчүн жөнөкөй тил менен жаздык.

Гүльниза Кожомова белгилегендей, аталган китепте сот, прокуратура, тартип коргоо кызматтарынын иштери, абактарда жаткандардын укугу да көргөзүлгөн.

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын пикиринде, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча алгач чыгарылган китеп мамлекеттик органдар тарабынан жазылса өз максатына жетпей калмак. Автордук топко юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттердин катышуусунун негизинде китепте өлкөдгү адам укугуна байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн.

2005-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктары боюнча жылыга чыгуучу китеп орус тилинде 500 нускада чыккан. Акыйкатчынын айтымында, аталган китеп кыргыз жана англис тилдерине которулмакчы.

XS
SM
MD
LG