Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

КАМАККА АЛЫНГАН ИШКЕРДИН КАНДАЙ АЙЫБЫ БАР?


Бишкекте камакка алынган ишкер Мугруш Сулеймановдун жактоочулары 11-июлда Акүй алдына кайтадан чыгышып, пикет өткөрүштү. Алардын көтөргөн плакаттарынын биринде ишкердин камалышына күнөөкөрлөр бир тууган Конгантиевдер деген жазуу да болду. Конгантиевдердин бири өлкөнүн башкы прокурору, бири Бишкек шаарынын ички иштер башкармасынын начальниги болуп иштери жалпыга белгилүү. Бүгүн ошол эле Сулеймановдон жабыр тарткандар, ага улай күнөөлөнүп аткан ишкердин жубайы журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жоопкерчилиги чектелген “Марс” фирмасы өз ишмердүүлүгүн Бишкекте жүргүзүп келген. Анын интернет клубдары, билярд, оюн-зоок жайлары болгон. Мына ушул фирманын директору Мугруш Сулейманов укук коргоо органдары тарабынан камакка алынып, убактылуу кармалуучу жайда олтурат. Аны камактан бошотуу талабы менен жактоочулары эки күндөн бери Акүй алдына пикетке чыгып жатышат. Ал эми бүгүн ишкерден жабыр тартышкан ишкерлер Данияр Айжанов менен Түркия Республикасынын жараны Исмет Иркесим адвокаттары менен бирдикте журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Түрк жараны Исмет Иркесимдин адвокаты Али Касымов мындай дейт:

- Сулейманов камакка алынар замат анын колдоочулары да заматта пайда болот. Аны коргоого алгандар кылмыш дүйнөсүндө да, бийликтин жогорку тепкичтеринде да болушу мүмкүн.

Сулаймановдон жабыр тарткандардын бири, анын бир кездеги өнөктөшү Данияр Айжанов:

- Мен Кыргызстандын Коргоо министрлигине керектүү товарларды апкелип турчумун. Ал эми Сулейманов болсо ошол министрликке 120 миң доллар карызын төлөп бере албай калып, 1995-жылы да анын үстүнөн кылмыш иши козголгон болчу. Анын карызын мен кутулткамын. Сулейманов менин ошол карызымды бербей жатат эмгиче,-дейт Данияр Айжанов.

- Сиз соттун акыйкат чечим чыгарарына ишенесизби?

- Ишенбесем, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылбайт элем да. Ансыз да ушул иштин айынан экинчи топтогу майып болуп калдым.

Эми Түрк Республикасынын атуулу Исмет Иркесимге кайрылалы.

- Кыргызстанга келгениңизге канча жыл болду?

- 8 жыл болду.

- М.Сулейманов менен качантан бери таанышсыз?

- 1995-жылдан бери.

- Ал сизге канча акча карыз?

- Пайызын кошпогондо 98 миң доллар, пайызы менен 1 миллион доллар болду.

- Канча жылдан бери бербей жүрөт?

- Жети жылдан бери.

- М.Сулеймановдон жабыр тарткан дагы 15тей түрк атуулдары Түркияда жүрөт дедиңиз. Алар сотко келе тургандайбы?

- Жок, келүүдөн коркуп жатышат, келбейт.

Сулеймановдон жабыр тарткандар маалымат жыйынын өткөрүп бүтөрү менен залга М.Сулеймановдун жубайы Светлана Сулейманова, камактагы ишкер М.Сулеймановдун адвокаты Толкунбек Исабеков залга киришти. Булар да маалымат жыйынын өткөрүүгө киришти. Мен адвокат Т.Исабековго суроо салдым.

- Тигил жабырлануучулардын Мугруш Сулеймановго коюп аткан күнөөлөрү туурабы? Сиз кандай дээр элеңиз?

- Жок, бардыгынын айткандары туура эмес, негизсиз деп эсептейм.

- Түркиянын атуулу айтып атат, М.Сулеймановдун түрк атуулдарынан алган карызы 1 млн. долларга чаап барган экен. Ошону бербей жүрөт деп күнөө койууда.

- Жок, бул жөн эле ушак сөз деп койсок болот. Эч кандай күнөөсү жок.

Ал эми Сулеймановдун жубайы Светлана Сулейманова буларга токтолду:

- Бул окуя бир жылдан бери ушинтип келе жатат. Укук коргоо органдары кааласа он жыл мурда болуп өткөн кайдагы бир ишти казып чыгышат. Мышык-чычкан кылып бүтүштү. Бирөө ачат, бирөө кайра жабат. Азыр биз кимисине - Ички иштер министрлигинеби, же Башкы прокуратурагабы кайрыларыбызды билбей, айлабыз кеткенде Жогорку Кеңештен жардам болобу деп депутаттык корпуска кайрылып жатабыз.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG