Гуантанамодо азыр 2001-2002 жылдардын аралыгында Ооганстанда колго түшүрүлгөн 450дөй туткун кармалууда. Алар 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттарды уюштурган деп шектелген Ал-Каида террордук уюму менен байланышы бар делинет. Аларды суракка алып жаткан тергөөчүлөр Ал- Каиданын жетекчилери жөнүндөгү маалымат алууга аракеттенип жатышат.
Суракка алынып жаткан адамдар бир нече жылдардан бери сотсуз камакта жаткандыктан, дүйнө коомчулугунда бул туткундарды ким коргойт, алар дегеле согуш туткундарыбы, же колго түшүрүлгөн жөнөкөй адамдарбы деген суроо талкууланууда. Тергөөдө алардын айрым бир укуктарын бузган агрессивдүү ыкмаларга, мисалы күч колдонууга жол берилеби, деген суроо саресепке салынууда.
Айрым серепчилер Американын Кубадагы Гуантанамо аскердик базасында кармалган туткундар аскер туткундарынын эсебине кошулбайт деген пикирде. Анкени алар бирдиктүү форма кийишпейт, куралдарын жашырып, өзүлөрү да жөнөкөй кишилердин арасына жашынып жүрүп согушат. Ошон үчүн аларды аскер туткундарынын эсебине кошууга болбойт деп эсептешет. Вашингтондогу Херитэж Фаундэйшен деген уюмдун өкүлү Жим Филипс бул адамдар Женева конвенциясын өзүлөрү бузуп жаткандыктан, аларды конвенция коргобосун айтат.
Ошону менен бирге эле серепчинин пикиринде, камалганына ушунча жыл өтсө да аларда баалуу маалымат дагы эле бар болуусу ыктымал, ошон үчүн алар суракка алынып, алардын тагдырын сот чечүүгө тийиш дейт.
«Алар белгилүү бир адамдардын сырткы түспөлү менен алардын ким экенин таанышат, ошон үчүн алардан балуу маалымат дагы эле чыгышы ажеп эмес. Бирок убакыт өткөн сайын андай маалыматтын көлөмү азайууда» ,- дейт Филипс.
Жим Филипс өңдөнгөн серепчилердин көз карашына кайчы пикирде тургандар да арбын. Хьюман Райтс Уотч уюмунун Вашингтондогу кеңсесинин кызматкери Томас Малиновский расмий Вашингтон Согуш туткундары жөнүндөгү Женева конвенциясын сөзсүз карманууга тийиш, антпесе күндөрдүн биринде АКШнын солдаттары да туткун болуп калышы ажеп эмес, андай болгондо аларды каршы тарап согуш туткундары деп эсептебей койушу мүмкүн деген көз карашта. Малиновский АКШ каалабайбы, каалабайбы, бары бир Женева конвенциясында каралган эреженин үчүнчү беренесин сөзсүз карманууга тийиш деп эсептейт.
«Эгерде кимдир бирөө бирдиктүү аскердик форма кийбесе, туруктуу согушкан бөлүккө кирбесе, анда ал Женева конвенциясында каралган эрежеге баш ийбейт, демек согуш туткуну деген статуска ээ эмес. Бирок ал баары бир конвенциянын үчүнчү беренесине, баардык туткундарга адамкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттендирген берененин коргоосунда турат. Арийне, бул андай согушкерлерди согуш туткундарынын статусунан төмөн жайгаштырат, бирок аларды караманча коргоосуз калтырбайт»,- дейт Малиновский.