Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:37

БОРБОР АЗИЯДАГЫ ТУРИЗМ АДИСТЕРИНИН САПАТЫ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ


Борбор Азия өлкөлөрүндө туризм кадрларын даярдоого Европанын айрым өлкөлөрү жардам берип, колдон келишинче кол кабыш кылууда. Ошондой болсо да адистер, кардарлар туризм кадрларынын деңгээли алымсындырбайт, тейлөөнүн сапаты начар дешет.

Өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан жагдайлардын бири кадр маселеси. Кыргызстанда туризм тармагы үчүн 15 жогорку окуу жайында, 13 кесипчилик- техникалык лицейде жана 13 атайын орто билим берүү окуу жайында адистер даярдалып жүргөнү менен алардын деңээли учур талабына толук жооп бербейт дешет эксперттер.

Бул көйгөйдү жөнгө салууга аракеттер көрүлүп, эл аралык уюмдардын жардамы менен биргелешип иш алып барууга, алардын окутуу, даярдоо тажрыйбаларын колдонууга аракеттер акыркы жылдары гана көрүлө баштаган. Борбор Азияда, айрыкча Кыргызстанда туризм тармагынын деңгээли эл аралык талаптарга жооп бербестигин, рекламанын чабалдыгын, кадрлардын билим деңгээлинин төмөндүгүн өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин орун басары Турусбек Мамашев билдирди:

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан жана жакшы адисттердин жоктугунан аксап турабыз. Кыргызстанга келген туристтер жериңер, көлүңөр, жаратылышыңар мыкты экен. Тамак - аш деле эл аралык талаптарга жооп бербесе да, курсак тойгузуп, тамактанса болот экен дешүүдө. Бирок, ушул тейлөө тармагыңар, сервис начар экен деп доомат коюп жүрүшөт. Ошондуктан туризмдин кадрларын даярдоо маселесин колго алууга колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Ал үчүн каражат керек экен. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, колдоосу керек болуп турат.

Туризм адистерин даярдоодо эл аралык тажрыйбалар, окутуу усулдары колдонула баштады. Мисалы Еврокомиссиянын Темпус программасынын алкагында Бишкек шаарындагы экономика жана ишкерлик мамлекеттик университети туризм кадрларын даярдоо боюнча биргелешкен долбоор боюнча иш алып барууда. Натыйжада 40 студент жана 30 окутуучу Бельгия жана Франциянын жогорку окуу жайларынан окуп, үйрөнүп, тажрыйба алмашып келишкен. Ошондой эле эл аралык талаптарга ылайык туризмди окутуу боюнча окуу программалары түзүлүп, бул тармактын өзгөчөлүктөрү терең окутула баштаганын Бишкек шаарындагы экономика жана ишкерлик мамлекеттик университетин проректору Кеңешбек Алымбеков белгиледи.

Кыргызстан туристтик мамлекет катары таанылууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, ал үчүн көп аракет, кадр маселесин чечүү, реклама, маркетинг жана менежерлик кызматы керектигин Бельгиянын Эразмус университетинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Жан Пьер Рууз белгиледи:

- Кыргызстанда гана эмес өнүккөн өлкөлөрдө деле туристтерди тейлөөдө өксүктөр бар. Англиянын авиакомпаниясынын айынан кийим-кечем Лондондо калып, убара болуп турам. Бирок Борбор Азия айрыкча Кыргызстандын жогорку окуу жайлары туризм тармагы үчүн биргелешип кадр даярдоо демилгелерин көтөрүп чыгып, дилгирлик менен мамиле кылышууда. Себеби бул тармак келечектүү жана кирешелүү болуп эсептелет. Ошондуктан адистерди окутуу боюнча тажрыйбаларды, усулдук программаларды Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрү менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруудабыз.

Кыргыстанда туризм тармагы айрыкча жайкы эс алуу мезгилинде Ысыккөлдөгү эс алуу жайларында, пансионаттарда, мейманканаларда тейлөө кызматындагы кызматкерлерге, чет тилдерин билген адистерге муктаж болуп турган учур. Ошондуктан бул тармактын кадр маселеси дале алымсындырбай келатканын адистер айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG